Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » Балыкчы шаардык сотунун имаратынын расмий ачылышы болуп өттү

Балыкчы шаардык сотунун имаратынын расмий ачылышы болуп өттү

26 апр 2018, 11:09    bishkek
2018-жылдын 25-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаеванын катышуусунда Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаардык сотунун жаңы имаратынын расмий ачылышы болуп өттү.

Иш чарага Ысык-Көл облусунун губернатору Узарбек Жылкыбаев, Балыкчы шаарынын мэри, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы сот департаментинин директору Рустам Ибраимов, Ысык-Көл областтык сотунун судьялары, Балыкчы шаарынын сотунун судьялары, сот кызматкерлери катышышты.

Жаңы имараттын расмий ачылышында Айнаш Токбаева Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаары үчүн эле эмес, жалпы сот тутуму үчүн чоң жетишкендик жана тарыхый күн болуп жаткандыгын айтты. Төрайым сот тутумун материалдык-техникалык жактан камсыздоону жогорулатуу жана сот адилеттигин сапаттуу жүзөгө ашыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү бул сот реформасынын багыттарынын бири экендигин белгиледи. Балыкчы шаардык сотунун буга чейин эски имаратында судьялар жана сот кызматкерлери отурган бөлмөлөр тар болуп ыңгайсыздыкты жаратып келген.

Сотко келген адамдар үчүн эч кандай шарттар түзүлбөгөндүктөн, ичке коридорго элдер батпай калышчу. Аба-ырайы бузулган мезгилде сотко келген жарандар кезегин сыртта күтүүгө туура келчү. Жогорку соттун Төрайымы абалды өз көзү менен көрүп Соттор кеңешине кайрылган. Маселе оң жагына чечилип шаарда бир нече жылдан бери каралбай, таланып-тонолуп, кароосуз калган имарат сатып алынып, оңдоп-түзөө иштерин башталган эле.

Имарат 2016-жылы 30-декабрында соттун карамагына өтүп, 2017-жылдын күз айларында оңдоп-түзөө иштери башталып, 2018-жылдын жаз айларында толук бүткөрүлгөн. Балыкчы шаардык сотунун төрайымы Чинара Мамбетова Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаеванын жеке көзөмөлү менен жаңы имарат толугу менен жаңыланып колдонууга берилип жатканыдыгын айтты. Бүгүнкү күндө жаңы имарат эки кабаттуу болуп, ар бир сот кызматкерлеринин өзүнчө бөлмөлөрү, эки сот залы, архив, жашы жете элек балдардын бөлмөсү, көзөмөл өткөрмө пункту, конвойлордун өзүнчө бөлмөсү жайгашты.

Соттордун, сот кызматкерлеринин жана жарандардын коопсуздуктары үчүн да шарттар каралып, бардык заман талаптарына жооп бере турган имарат ачылды. Имаратты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү иштери судьялардын, сот кызматкерлеринин жана сот процессинин катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоонун жана коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу талаптарын эске алуу менен жүргүзүлгөндүгүн иш чаранын катышуучулары белгилешти.

скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив