Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Ибраимов Исаков менен Жолдубаевадан сабак алабы же алардын тагдырын кайталайбы?

Ибраимов Исаков менен Жолдубаевадан сабак алабы же алардын тагдырын кайталайбы?

26 апр 2018, 10:17    bishkek
25-апрелде Бишкек шаардык кеңешинин «Республика-Ата Журт» фракциясы шаар мэри Албек Ибраимовдун отчетун угушту. Албек мырза жакшы эле көкүрөк койгулап, “өтө катуу” иштеп атканын билдиргиси келди. Бирок, шаардык кеңештин депутаттары курулуп жаткан жолдордун сапатынын начардыгына нааразы болушту.

Ошондой эле мэрге сатылып кеткен жер тилкелерин жана Ош базарында катарынан үч ирет болуп кеткен өрттү, ал үчүн эч кимдин жоопкерчилик тартпаганын эстетишти. Жыйынтыгында аталган фракция шаар мэри А. Ибраимовдун отчетун канааттандыраарлык эмес деп таап, бул маселени шаардык кеңештин сессиясына алып чыгуу чечимине келишти.
Эске сала кетсек, буга чейин мурдагы өкмөт башчысы Сапар Исаковдун отчетун да Жогорку Кеңештеги оппозициялык үч фракция канааттандыраарлык эмес деп таап, андан соң парламент отурумунда 101 депутаттын добушу менен ага ишенбөөчүлүк жарыяланган. Мурдагы баш прокурор Индира Жолдубаева да парламент тарабынан кеткен.
Андыктан эми Албек мырза мына ушул экөөнүн тагдырын кайталайбы же өз каалоосу менен эле арызын жазып, ээлеген кызматынан кетеби, тандоо өзүндө.
скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив