Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Издөө
» » Аликбек ЖЕКШЕНКУЛОВ, коомдук ишмер:  “Трайбализмди козуткандарды мыйзам чегинде жоопко тартуу зарыл”

Аликбек ЖЕКШЕНКУЛОВ, коомдук ишмер:  “Трайбализмди козуткандарды мыйзам чегинде жоопко тартуу зарыл”

26 апр 2018, 09:38    bishkek
Кыргызстанда болуп жаткан процесстер тууралуу Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри, саясий илимдердин доктору, өнүктүрүү жана саясат боюнча эл аралык агенттиктин президенти Аликбек Жекшенкулов менен маектештик.

- Республикада эмне болуп жатат?

- Президент Сооронбай Жээнбеков экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурасынан арылды. Азыркы мамлекет башчысына көптөгөн чечилбеген, олуттуу проблемалары бар бир топ эле оор мурас тийген болчу. Мисалы, күндөн-күнгө начарлап жаткан социалдык-экономикалык абал, терс инвестициялык климат, мамлекеттик бийлик системасынын кыйрашы, Атамбаев тарабынан кландык кызыкчылыктарды эске алуу менен жүргүзүлүп, кайра курууга муктаж болгон кадр саясаты, коррупциянын аябагандай күч алышы. Бир сөз менен айтканда, өтө оор мурас тийген. Февралдагы Коопсуздук кеңешинде сүйлөгөн чечкиндүү сөзүнөн баштап, президент Жээнбековдун бүгүнкү күнгө чейин катачылык кетирбей, туура саясий кадамдарды жасоодо. Ошондон улам рейтинги жогорулап баратат. Бирок, анткен менен эч ким жаңы шайланган президенттен мындай чечкиндүүлүктү, саясий эркти күткөн эмес эле. Эми өкмөт куралды,программалары айтылды, башкы прокурор тандалды. Эл ал програмалар кандай натыйжалуу ишке ашаарын күтүп жатат.Бул үчүн өкмөттүн убактысы өтө чектелүү, ошон үчүн улам-улам алмаша бербей, жакшы иштеп кетишин каалар элем.

- Жаңы дайындалган премьер-министр боюнча оюңуз кандай?

-Мухаммедкалый Абулгазиевди мен жакшы тааныйм. Айылдык интеллигенциянын, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагеринин үй -бүлөсүндө өсүп, өз эмгеги менен ушул даражага жетти. Тажрыйбалуу чиновник, мындайча айтканда, “бышып калган мамлекетчил” адам. Өлкөнүн экономикалык блогунда тажрыйбасы бар. Биринчи вице-премьер болуп иштеп турганда экономикага кураторлук кылган, башкача айтканда, мамлекеттин проблемаларын өз тажрыйбасынан улам билет.Өкмөт туруктуу болуп, мамлекет өнүгүү жолуна түшүшү үчүн үчүн саясатчылар, депутаттар, адистер, дегеле коомчулук биримдикке келип, кеңештерин ачык-айкын айтып, азыркы өкмөткө жардам беришибиз зарыл.

-КСДП фракциясынан депутат, вице-спикер Асел Кодуранованын айтымында, парламентте добуш берүү болгонго чейин Сапар Исаковдун өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө тууралуу маселе талкууланган эмес экен. Ошого карабастан, 101 депутат отставканы жактап добуш беришти. Бул фракциядагы, парламенттеги бөлүнүп-жарылуу эмеспи?

- КСДП бөлүнүп бүттү. Март айынын этегинде болгон курултай Атамбаевдин тарапташтарынын жыйынына окшошуп калган. КСДПдагы бөлүнүп-жарылуу ошондо эле байкалган. Азыр ал күчөдү. Атамбаев менен анын командасы өздөрүнүн аракети менен өлкөдөгү өз абалын оорлотуп жатышат, саясый каталарды кетиришүүдө, ошондуктан Атамбаев курган схема кыйрай баштады. Ал дээрлик кулап калды десек болот.

-Парламенттик көпчүлүк кандай позицияны ээлейт?
- Бүгүн алар иштеп жаткан президент Жээнбековду колдошот. Акыркы кездерде Атамбаевдин жан-жөкөрлөрүнүн тиешеси бар экендигин ырастаган коррупциялык фактылардын калкып чыкканы – бул команда үчүн кыйраткыч сокку болуп, КСДПнын катары катуу ыдырай баштады.

- Президент үчүн парламентте аны колдогон өзүнүн партиясы болгону маанилүүбү, же консенсус болсо эле жетиштүүбү, парламентти кайра оңоп-түзөөнүн зарылчылыгы болбой калабы?
-Бул президент өзү кайсы саясый конфигурацияны түзгүсү келгенине байланыштуу болот. Азыр биздин коомдо Конституцияны өзгөртүү зарыл деген ой-пикирлер улам көбөйүп айтыла баштады.

-Дагыбы?
- Ооба. Көп нерсе ушуга байланыштуу. Кээ бирөөлөр күчтүү президенттик бийлик орношун каалап жатышат,катуу тартип менен мыйзамдуулук орношун,бийликтин күчтүү вертикалдык системасы орношун каалашат. Айрымдар парламенттик башкарууну күчөтүүнү каалашат.Үчүнчү бирөөлөр болсо шайлоонун партиялык системасы жоюлуп, мажоритардык система, эки палаталуу парламент болсун дешет. Жаңы өкмөттүн шайланышы менен Кыргызстанда жаңы саясий абал түзүлүп, жаңы саясий процесстердин тездешине жол ачылат.

- Башкача айтканда, Кыргызстан күчтүү президенттик бийликтин пайдасына парламенттик бийликтен баш тартышы мүмкүнбү?
- Ар кандай варианттар болушу мүмкүн. Биздин өлкөдө парламенттик башкаруу натыйжалуу болгон жок, адамдарга, коомго, мамлекетке жакшы болуп,элдин турмушу оңолуп кеткен жок. Тескерисинче, коомдогу чачкындыктан, карама-каршылыктардан, ар кайсы кландардын жана каржылык топтордун таймашынан кыйратуучу процесстер башталгансыйт.

- Экс-президент элди нааразылык митингдерине көтөрө алабы?
- Бүгүн Атамбаевди эч ким ээрчибейт. Ал акча төлөп, жалданма кишилерди гана алып келиши мүмкүн. Анын акчасы бар. Бирок, эл анын артынан ээрчибейт. Себеби, анын “былыктарынын” баары ашкере болуп калды.

-Экс-президенттин командасы азыр түндүк-түштүк маселесин көтөрүп жатышат.Буга сиздин оюңуз кандай?
- Мен калыс адам катары айтып коеюн,Сооронбай Шарипович бардык жагынан карап, кадрларды тең салмактуу тандап жатат. Менин оюмча, шектүү иштерге аралашып, бийлигинен ажыраган кээ бир саясатчылар айласы кеткенде ушундай бөлүп-жармай ыкмаларын пайдаланууга аракеттенишүүдө.Мындай кадамдар алысты көрө албаган, жеке кызыкчылыгын жогору койгон, кыргыз элинин тагдырын, туруктуулугун ойлобогон саясатчылар тарабынан жасалганы оркоюп көрүнүп турат. Мындай саясаттын келечеги жок. Мындай саясат жүргүзгөндөр - бул кыргыз элинин душмандары.Трайбализмди козуткандарды мыйзам чегинде жазага тартуу керек.
Бүгүн Борбор Азиядагы коопсуздук абалы жөнөкөй эмес, Кыргызстанда социалдык-экономикалык маселелер курчуп турат, мыйзамсыздык өкүм сүрүп, элдин маанайына терс таасирин тийгизүүдө. Эл жаңы бийликке үмүт менен карап турган чагы. Ошон үчүн биз бөлүнүп -жарылбай, элибизди ынтымакка чакырып, мамлекетти өнүгүү жолуна салышыбыз керек.

Мамат Сабыров

"Азия ньюс"
скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив