Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » Жогорку Кеӊеш Өткүрбек Жамшитовду башкы прокурор кызмат ордуна дайындоого макулдук берди

Жогорку Кеӊеш Өткүрбек Жамшитовду башкы прокурор кызмат ордуна дайындоого макулдук берди

25 апр 2018, 15:05    bishkek
Жогорку Кеӊеште КР Презинденти тарабынан башкы прокурор кызмат ордуна дайындоого сунушталган Жамшитов Өткүрбек Асылбековичтин талапкерлиги каралды. Талапкерди депутаттарга Президенттин Жогорку Кеӊештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев тааныштырды.Өткүрбек Жамшитов Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында туулган. 42 жашта. Жогорку билимдүү. 1996-жылы Улуттук университеттин юридика факультетин «юриспруденция» адистиги боюнча бүтүргөн. 21 жылдык юридикалык иш тажрыйбасы бар. Ал акыркы мезгилде Жалал-Абад облусунун прокурору болуп турган. Баяндамачынын айтымында, талапкер бкга чейинки прокурордук кызмат ордунда кынтыксыз иштеп келген.
Талкуу жүрүшүндө депутаттар Башкы прокуратуранын башкы милдети өлкөдө мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл кылуу экенин, коррупцияга каршы күрөшүү чараларын тескей турганын талапкердин эсине салып, башкы прокурорлукка дайындалып калса, өз милдетине жоопкерчилик менен карап, мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөлдү күчөтүүгө, ал эми кадр тандоо маселесинде алардын адистик деӊгээлине өзгөчө көӊүл бурууга тийиш экенин белгилешти.
Андан тышкары, эл өкүлдөрү укуктук мамлекетти түптөөгө баарыдан мурда мыйзамдуулуктун сакталышы, адилеттүүлүктүн орношу өбөлгө түзөрүн белгилеп, прокуратура органдарын жалпы эле кылмыштуулукка, анын ичинде коррупциялык жосундарга каршы күрөшүү чараларын жакшыртуу жаатында кыргыз парламенти менен биргелешип иш алпарууга чакырды.
Өткүрбек Жамшитов башкы прокурорлукка дайындалып калса, кылмыш иштерин көзжаздымда калтырбай, мыйзам алкагында тийиштүү чараларды көрүүгө, бул багытта депутаттар менен биргелешип иштешүүгө убада берди. Ал чукул арада коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жыйын өткөрүү менен, негизги иш багыттарын аныктап, ошого жараша алгылыктуу чаралар көрүлө турганын билдирди.
Электрондук жашыруун добуш берүү жыйынтыгында депутаттардын басымдуу бөлүгүнүн колдоосу менен Жамшитов Өткүрбек Асылбековичти башкы прокурор кызмат ордуна дайындоого макулдук берилди. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды.
Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Өткүрбек Жамшитовду эл өкүлдөрүнүн ишенимине ээ болушу менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады. Ал прокуратура органдарынын дарегине айтылган сын пикирлер менен берилген сунуштамалар эске алына турганына ишеним артарын кошумчалады.
Белгилей кетсек, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева Жогорку Кеӊештин макулдугу менен 2018-жылдын 13-апрелинде мөөнөтүнөн мурда отставкага кетирилген.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив