Эмилбек Каптагаев: Пристрастность Токтакунова налицо – он опубликовал фейк
Контрабандалык күйүүчү май ташып жүргөн Акылбек Маматов "Газпромдун" миллиарддык долбоорун аңдып жатабы?
Кто станет новым главой МИДа? - Гульмира Тыналиева
Атамбаев кайсы эмгеги үчүн 160 миң сом пенсия алат?
Уголовное дело против Сарпашева будет возобновлено
Эмил Каптагаев: "Камалгандардын баары таза деген Атамбаевдин сөзүнө ким ишенет?"
АКШга сапар: президент С. Жээнбеков БУУнун сессиясында олуттуу маселелерди козгоду
Бердибек Жамгырчиев, акын: "Рыскелди Момбеков уйкаштырып сүйлөсө эле укмуш сүйлөп жатам деп ойлойт окшойт бул дөөпарас..."
Чындап эле миллионерби же кадимки шылуунбу? 
Мас болуп учакты кармаган чиновник аял Зууракан Каденова экени белгилүү болду
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, орун басары Болот Суюнбаевге таандык деген үйлөрдүн сүрөтү тарады
Жалкое зрелище – Атамбаев без окружения
Издөө
» » Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин өлкөнүн көз карандысыздыгынын 27 жылдыгына карата куттуктоосу

Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин өлкөнүн көз карандысыздыгынын 27 жылдыгына карата куттуктоосу

31 авг 2018, 10:44    bishkek
0 комментарий   

Урматтуу мекендештер!
Кадырман кыргыз калкым!

Бүгүн биз эң башкы мамлекеттик майрамды – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн салтанаттуу белгилеп жатабыз. Бул көз карандысыздыкка ээ болуп, азаттыкты алган 27 жыл ичинде өлкөбүздө орчундуу окуялар, түрдүү кырдаалдар, саясий, социалдык жана экономикалык өзгөрүүлөр болду.
Кыргызстан мамлекетибиз кандай гана кыйынчылыктарга жана сыноолорго карабастан, журтубуз бакубат өлкөнүн биримдигин жана бүтүндүгүн, жергебиздеги тынчтыкты жана туруктуулукту сактап калды. Бүгүнкү күндө биздин күнөстүү өлкөбүз дүйнөлүк коомчулукта өзүнүн орду бар, демократиялуу, көз карандысыз, эгемен өлкө.
Себеби кыргыз эли улуу эл катары тарыхтын эчендеген сыноосунан өтүп, өмүрү найзанын учунда, кылычтын мизинде турса да, канын азык, каруусун казык кылып, канжыгага баш байлап, көкүрөктөгү эркиндик үчүн күрөшкөн эркин өчүрбөй, мезгил менен тең алышып, эгемендүүлүк күнгө жетип олтурат. Эгемендүүлүктүн баркы, эгемендүүлүктүн баасы – өмүрдөн да кымбат дөөлөт. Анткени бул дөөлөт жалпы калкыбыздын эркиндиги жана урпактарыбыздын келечеги. Биздин келечек муун өсүп-өнүгүүгө багыт алган, тынчтык менен биримдик өкүп сүргөн өлкөдө чоңоюшу кажет.

Урматтуу мекендештерим!

Баарыңыздарды Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгы менен Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктаймын!
Чейрек кылымды басып өткөн эгемендүүлүк майрамыбыз жалпы журтка кут болсун!
Кыргызстаныбыздын өрүшү жайык болуп, өсүп-өнүгүүнүн үстүндө жүрсүн! Элибизди дайыма жакшылыктар ыроолоп, тынчтык өкүм сүрсүн!
Азаттыктын асабасы бийиктерде желбиреп, атпай журтубуз аман, Ата-Журтубуз бүтүн болсун!скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;