Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Эмил Каптагаев: "Президент жаңы саясий наркты, жаңы саясий маданиятты калыптандырды"

Эмил Каптагаев: "Президент жаңы саясий наркты, жаңы саясий маданиятты калыптандырды"

29 авг 2018, 19:10    bishkek
Бүгүн 31-августагы Эгемендүүлүк күнүнө карата салтанатка Экс-президенттер Роза Исаковна Отунбаева менен Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин чакырылуусу катуу талкуу жаратты, көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан суроо: " Атамбаев бети чыдап келеби же келүүгө кудурети жетпейби?" - деген. Чынында бул чакырууда эч кандай сенсация жок, 2012-жылдан 2016-жылдын 31-августуна чейин Роза Исаковна бардык мамлекеттик мааниси бар иш чараларга чакырылып, катышып эле келген. Кептин баары Атамбаевдин ошол күндөгү жосунсук жоругунан башталганын эл билет. Анын бийликти узурпациялап алуу аракетин биз ачык айтып чыкканга жаны ачып суу кечпеген сөздөрдү айтып, өзүнөн башканын баарын карга-кузгунга теңеп, мародерлордун бети ачылат деп жар салды эле, аягы барып өзүнүн жан-жөөкөрлөрү жапырт эле уурулуктан кармалып, камалып, жер басып алган, мүлк тартып алган мародерлор да өзүлөрү болуп чыкпадыбы. Учурда Президент Сооронбай Шарипович Жээнбековдун жаңы саясий наркты түптөөгө, жаңы саясий маданиятты калыптандырууга болгон аракети колдоого арзыйт. Коомдогу НАРК утурумдук саясий кызыкчылыктан бийик болуп, бийлик башындагылардын жеке көз карашынан, өөдүк-сөөдүк жүрүм турумунан көз каранды болбогону дурус, мамлекеттик мааниси бар иш чараларга, чоң салтанаттарга кимдер катышып, кимдер чакырыла турганы атайын ПРОТОКОЛ менен бекитилип, ал жобо кынтыксыз аткарылса эч кандай талаш-тартыш болбойт эле деп ойлойм. Чатактын баары "аны чакыр, муну чакыр, тигини чакырбай эле кой" - деп жеке ич күптүлүк менен коомду бөлүштүргөндөн башталып жатпайбы.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив