Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаева менен жолукту

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаева менен жолукту

24 апр 2018, 17:38    bishkek
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-апрелде өлкөнүн Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаева менен жолукту.
Мыйзамдуу жана адилеттүү сот жүргүзүү, өлкөдө укук жана мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылууну күчөтүү аркылуу жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоо боюнча иштерде Жогорку соттун ролун жана ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды.
Мамлекет башчысы сот системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу боюнча маселелерге көңүл бурду.
Ал жарандар арасында социалдык сурамжылоолордун жыйынтыктары боюнча сот бийлигинин органдары Кыргызстандагы эң коррупциялашкан органдарга кошулганын белгиледи.
«Жарандардын мыйзамдарга жана сот адилеттигине болгон ишенимин калыбына келтирүү керек. Ошондо гана Кыргызстан өзүн укуктук мамлекет катары көрсөтө алат», - деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.
Мамлекет башчысы мамлекеттик органдардын, анын ичинде сот органдарынын негизги милдети – бул укуктун үстөмдүгүн камсыздоо жана жарандардын кызыкчылыктарын коргоо экенин баса белгиледи.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив