Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Издөө
» » Коррупцияга каршы таза жетекчи гана күрөшө алат же элдин мамлекет башчысына артылган чоң ишеними 

Коррупцияга каршы таза жетекчи гана күрөшө алат же элдин мамлекет башчысына артылган чоң ишеними 

24 апр 2018, 16:04    bishkek


Мамлекетибиздин өнүгүп-өсүүсүнө эбегейсиз кедергисин тийгизип жаткан башкы себептердин бири – бул коррупция экени белгилүү. Ошондон улам мамлекет башчысы С. Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү талабын жалпы коомчулук колдоого алууда.
Ал эми бул күрөштү тиешелүү деңгээлде жүргүзүү үчүн биринчи кезекте күрөшө турган жетекчилер таза болушу керек. Коррупцияга өзү малынып алган жетекчилер эч качан коррупцияга каршы күрөшө албай турганы түшүнүктүү эмеспи. Ошондон улам дагы коррупция менен күрөшүүдө биринчи кезекте укук коргоо, сот жана көзөмөл органдары өздөрү ичинен тазаланышы керек экендиги айтылган. Бул багыттагы тазалануу буюрса аягына чыгып баратат.

Өткөн жылы президенттик шайлоонун алдында дагы С. Жээнбековдун эл алдында берген убадаларынын бири дал ушул коррупцияга каршы айыгышкан күрөш жүргүзүү болгон. Учурда ошол убадасын иш жүзүнө ашыруунун үстүндө.

Жогоруда айтып кеткендей коррупцияга каршы таза жетекчи гана күрөш ача алат. Бул жааттан алганда президент С. Жээнбеков өзүнүн буга чейинки ишмердүүлүгүндө эч кандай коррупцияга аралашпаган таза саясатчы, мамлекеттик ишмер экени коомчулукка ачык билинди. Эл да анын тазалыгына, адилеттүүлүгүнө ишеним артканы үчүн шайлоо күнү добуш беришкен.
Элибиздин президент С. Жээнбековго шайлоо алдында кандай терең ишеним артышса, азыркы тапта да ошондой эле терең ишенимде экени Марал радиосу жүргүзгөн сурамжылоодо да аныкталган экен. Аталган радио угармандарга «Сиз азыркы учурда мамлекеттик ведомствону башкарып турган жетекчилердин ичинен кимди коррупцияга аралашпаган, таза иштеген деп эсептейсиз?» - деген суроо менен кайрылган. Сурамжылоого жалпысынан 1000ден ашуун угарман катышкан. Алардын добуштары Инстаграм (radio_maral), Фейсбук, Твиттер (radiomaral), Одноклассники “Марал радиосу”, Whatsapp аркылуу кабыл алынган экен.
Натыйжада 1-орунга президент С. Жээнбеков чыгып келген. Андан кийинки алдыңкы бештиктин ичинде ЖК депутаты А. Жээнбеков, Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси А. Мадумаров, биринчи-вице-премьер-министр К. Боронов, ЖК депутаты Ж. Акаевдер чыккан.
Демек, коррупцияга каршы күрөштүн башында таза адам турганына толук ынана берсек болот. Ага ылайык бул күрөштүн жемиши да таттуу болот деген ишеним чоң.
 
скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив