Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Кыргызстандын кыйындарын таанып алгыла

Кыргызстандын кыйындарын таанып алгыла

24 апр 2018, 14:22    bishkek


Жакында эле Жогорку Кеңештин депутаттарынын толук сынынан өткөн жаңы өкмөт ишке киришти. Жаңы өкмөттүн курамы тажрыйбалуулардан топтолгону менен көпчүлүккө жакты. Ошол эле убакта президент Сооронбай Жээнбеков да кадрдык дайындоолорду жасоодо. Мындан улам, бийлик бутактарында жооптуу кызматтарды аркалап турган жетекчилерди коомчулукка тааныштырып коюуну туура көрдүк.
Бийликтин төрт бутагы бар. Президент Сооронбай Жээнбеков – Ош облусунан, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев – Нарын облусунан, ЖК төрагасы Дастан Жумабеков – Талас облусунан, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева – Жалал-Абад облусунан. Демек, бийликтин төрт бутагынын башчыларында баланс сакталыптырбы?
Эми КР президентинин аппаратына келели. КР президентинин аппаратынын жетекчисинин 1-орун басарлыгына жакында эле Досалы Эсеналиев дайындалды. Ал Жалал-Абад облусунан. КР президентинин аппарат жетекчисинин эки орун басарынын бири Алманбет Салиев Ош облусунан, ал эми Мира Карыбаева Бишкек шаарынан. Президенттин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев Ысык-Көл облусунан. Президенттин кеңешчиси Асылбек Кожобеков Чүй облусунун Кара-Балта шаарынан. КР президентинин тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков Чүй облусунун Токмок шаарынан. Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев да Токмок шаарынан. Президенттик аппараттын маалымат саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева Талас облусунан. Президенттин башкы жансакчысы Токтосун Сабыров Ысык-Көл облусунан. Айтор, президенттик аппараттын башка дагы бир топ бөлүмдөрүнүн башчылары өлкөбүздүн түндүк аймагынан.
Эми КР өкмөтүнүн курамына келели. Жаңыдан ишке киришкен премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусунун Кочкор районунан экени белгилүү. Биринчи-вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Ош облусунун Өзгөн районунан. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Бишкек шаарынан. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Ош облусунун Кызыл-Кыя шаарынан. Дагы бир вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Ош облусунун Ноокат районунан. КР өкмөтүнүн аппарат жетекчиси Мурат Мукамбетов Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынан.
КР ТИМ министри Эрлан Абдылдаев Алмата шаарында жарык дүйнөгө келген. ИИМ министри Кашкар Жунушалиев Чүй облусунан. Юстиция министри Айнур Абдылдаева Бишкек шаарынан. Финансы министри Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусунан. Экономика министри Олег Панкратов Жалал-Абад облусунан. Айыл чарба министри Нурбек Мурашев Жалал-Абад облусунан. Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов Ош облусунан. Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов Жалал-Абад облусунан. Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Баткен облусунан. Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Ысык-Көл облусунан. Маданият министри Султанбек Жумагулов Нарын облусунан. Социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова Нарын облусунан. УКМК төрагасы Идрис Кадыркулов Чүй облусунан. Коргонуу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эрлис Тердикбаев Чүй облусунан. Өнөр-жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов Бишкек шаарынан. Маалыматтык технологиялар жана байланыштар мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев Чүй облусунан.
Мына ушул жаңы дайындоолорду жакшылап анализдеп карап отуруп, бийлик бутактарында өлкөбүздүн кайсы бир бөлүгү басымдуулук кылып кеткенин байкаган жокпуз. Өлкөбүздүн түндүгүнөн да, түштүгүнөн да бирдей татыктуу кадрлар жооптуу кызматтарга дайындалышты. Эми алардын жемиштүү иштөөсүн гана каалайбыз.

maalymat.kg
 

скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив