Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Баш прокурорлукка тажрыйбасы мол жаш кадр келе жатат

Баш прокурорлукка тажрыйбасы мол жаш кадр келе жатат

24 апр 2018, 13:52    bishkek
Ушул жылдын 11-апрелинде мурдагы баш прокурор Индира Жолдубаева президенттин сунушу менен отставкага кеткенден бери карай бош турган орунга учурда жаш, бирок тажрыйбалуу Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлиги каралууда. Парламенттеги көпчүлүк коалиция баш прокурорлукка мына ушул талапкерди жактырды.
Ага чейин Ө. Жамшитовдун талапкерлигин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитети жактырган.
43 жаштагы Өткүрбек Жамшитов 1996-жылы Кыргыз улуттук университетин “юриспруденция” адистиги боюнча аяктаган. Эмгек жолун Талас шаардык прокуратурасында стажер, прокурордун жардамчысы кызматын аркалоо менен баштаган. 1999-2008-жылдары Талас шаарында, Бакай-Ата, Алай райондорунда, Ош облустук прокуратурасында тергөөчү болуп иштеген. 2008-жылы Кадамжай райондук прокурорунун орун басары, 2011-жылы Лейлек районунун прокурору болуп дайындалган. 2015-жылдан бери карай Жалал-Абад облустук прокурору болуп иштеп келген.
Анын мына ушундай мол тажрыйбасы Баш прокурорлук кызматты татыктуу аркалоого, коррупцияга каршы айыгышкан күрөштү жүргүзүүгө негиз болуп бере алат деген терең ишеним бар.

 maalymat.kg скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив