Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Казакстанда нааразылык акциясына чыккан 100дөн ашык адам кармалды

Казакстанда нааразылык акциясына чыккан 100дөн ашык адам кармалды

24 фев 2020, 10:02    bishkek
Казакстанда 22-февралда өкмөткө каршы нааразылык акциялар маалында жалпысынан 100дөн ашык адам кармалды.
Алгач түшкө чейин Алматыдагы аянтка Демократиялык партия түзүү демилгесин көтөргөн топтун мүчөлөрү чогулган. Полиция аларды ишембиге караган түнү камакка алынган активист Жанболат Мамайды бошотууну талап кыла баштаганда кармаган. Мамай «уруксат берилбеген митингге катышуу» айыбы менен үч суткага камалган.Күндүн экинчи жарымында ошол эле аянтта бозгундагы саясатчы Мухтар Аблязов түзгөн «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылынын митингине катышууга келген 100гө жакын киши кармалды. Алар «Чал, кет!», «Ойгон, Казакстан», «Назарбаев кетсин!», «Дарига кетсин!» деп кыйкырышкан.
Бул күнү Алматы менен Нур-Султанда митингдер өтүп жаткан аянттарда мобилдик интернет өчүрүлүп, журналисттер акцияны түз эфирде көрсөтө алышкан жок.
Ишемби күнү Алматыдан тышкары Нур-Султан шаарында да акцияга чыккан ондогон адам кармалды. Мындан тышкары Чымкентте 20га жакын, Актөбөдө кеминде он адам кармалганы кабарланды.Казакстанда 22-февралда нааразылык акцияларды өткөрүү планы тууралуу дароо эки оппозициялык топ билдирген. Алардын бири Демократиялык партия түзүү демилгесин көтөргөн топ. Анын башчысы Жанболат Мамай ишембиге караган түнү кармалган. Ал «тынч жыйындарды өткөрүү эрежелерин бузуу» айыбы менен үч суткага камакка алынды.

22-февралдагы экинчи митингди бозгунда жүргөн мурдагы банкир Мухтар Аблязов менен ал негиздеген «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылы өткөрүүнү пландаган. Казакстанда бул кыймылдын ишмердүүлүгүнө 2018-жылы тыюу салынган.
Нааразылык акциялардын алдында өлкөнүн Башкы прокуратурасы жарандарга «мыйзамсыз» митингдерге катышуу үчүн жоопкерчилик каралганын эскерткен.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив