Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Казакстанда ыктымал нааразылык акциялардын алдында активисттерге кысым күчөгөнү кабарланууда

Казакстанда ыктымал нааразылык акциялардын алдында активисттерге кысым күчөгөнү кабарланууда

24 окт 2019, 08:57    bishkek
Казакстанда укук коргоочулар өлкө шаарларындагы ыктымал нааразылык акциялардын алдында «активисттерди куугунтуктоо жана коркутуу учурлары» көп катталып жатканын билдиришти.
Алардын айтымында, 23-октябрда Нур-Султандын тургуну Ербол Есхожин телефон аркылуу полицияга суракка чакырылган. Акмоло облустук полиция бөлүмүнөн ал кылмыш иштеринин биринде күбө катары өтүп жатканын билдиришкен.
Активист Алия Жакупова дагы 23-октябрда телефон аркылуу полицияга суракка чакырылган. Ага телефон чалган адам өзүн тергөөчү деп тааныштырган.
Активисттерди кармоо жана куугунтукка алуу учурлары тууралуу маалыматтарды топтогон «Фейсбук» социалдык түйүнүндөгү #IHaveAChoiсe #ActivistsNotExtremists тайпасынын маалыматына ылайык, 17-октябрдан 21-октябрга чейинки аралыкта активисттерге «кысым көрсөтүү» боюнча 11 учур катталган.
Тайпада жарыяланган адамдардын тизмесинде 12-октябрдагы пикетке катышкандан кийин кармалып, бирөөсү он, экинчиси жети суткага камалып, үчүнчүсү 50 500 теңгө (130 доллар) айып пул төлөөгө милдеттендирилген үч активисттин аты-жөнү дагы бар.
Эл аралык укук коргоо уюмдары социалдык жана саясий маселелерди көтөрүп чыккан жарандык активисттерди куугунтуктагандыгы үчүн казак бийлигин сындап келишет.
Полициянын маалыматына караганда, 21-сентябрда Казакстандын бир нече шаарында жүздөй киши кармалган. Аларды өкмөткө каршы нааразылык акцияларына чыгууга өлкөдө экстремисттик уюм деп табылган «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылынын лидери, 2009-жылдан бери чет жакта бозгунда жүргөн банкир Мухтар Аблязов үндөгөн. Анда кармалгандардын ондон ашыгы административдик жазага тартылып, айып пул төлөшкөн. Бул акциялардын алдында өлкөдө ондогон адам суракка чакырылып, камакка алынган.
Бийлик «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылы уюштурган акцияларды мыйзамсыз деп эсептейт.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив