Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Казакстанда балдарын митингге алып барган ата-энелерге карата жазаны күчөтүү сунушу колдоо тапты

Казакстанда балдарын митингге алып барган ата-энелерге карата жазаны күчөтүү сунушу колдоо тапты

24 окт 2019, 08:54    bishkek
Казакстан парламентинин төмөнкү палатасы эрезеге жете элек балдарын нааразылык акцияларга алып барган ата-энелерди административдик жазага тартуу тууралуу сенат депутаттарынын сунушун жактырды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты.
Депутаттардын сунушуна ылайык, жашы жете элек балдары митингдерге катышкан ата-энелерге 252 500 теңге (647 доллар) өлчөмүндө айып пул салынып же 10 суткага камакка алынышы керек.
Эл өкүлдөрү мыйзамга мындай өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын уруксат берилбеген акция катышуучулары балдары менен кошо кармалган учурлар көп катталып жаткандыгы менен түшүндүрүшүүдө.
Өлкөнүн учурдагы мыйзамына ылайык, жарандар митинг өткөрүү үчүн жергиликтүү бийликтен атайын уруксат алышы керек. Административдик кодексте уруксат берилбеген акцияларга катышуу үчүн 330 доллар өлчөмүндөгү айыппул же 15 суткага камакка алуу жазасы каралган. Укук коргоочулар бул мыйзамды сынга алып, ал жарандардын тынч жыйындарды өткөрүү укугун чектей турганын айтып келишет.
Быйыл июнда президент болуп шайланган Касым-Жомарт Токаев бир нече жолу митингдер тууралуу мыйзам кайра каралышы керектигин айткан. Бирок азырынча мыйзамдагы жазаларды жеңилдетүүгө багытталган өзгөртүүлөрдүн долбоору парламентке келип түшө элек.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив