Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Ташкентте өлтүрүлгөн кумса кылмышкер менен социалдык түйүндө таанышкан

Ташкентте өлтүрүлгөн кумса кылмышкер менен социалдык түйүндө таанышкан

16 сен 2019, 14:49    bishkek
Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы 25 жаштагы кумса Шокир Шавкатовдун өлүмү тууралуу маалымат таратты.
Мекеменин билдирүүсүнө караганда, ал бул кылмышка шектүү катары кармалган Ташкенттин тургуну менен социалдык түйүндөрдүн биринде таанышкан. «Ал Шавкатовдун батирине 11-сентябрда кечинде барган. Анда алардын ортосунда жаңжал чыгып, Шокирдин мойнуна жана колуна бир нече жолу бычак сайылган. 12-сентябрда эртең менен коңшуларынын бири эшигиндеги кандын тактарын байкап, батирдин ээсин чакырган. Алар үйдүн ичинен Шокирдин сөөгүн тапкандан кийин милиция келген. Батирди кароо маалында интимдик байланыштын издери табылган», —деп жазылган башкармалыктын билдирүүсүндө.
Шавкатовдун өлүмүнө шектүү катары баш калаанын Алмазар районунун 28 жаштагы жумушсуз тургуну кармалган. Юнусабад райондук прокуратурасынын кызматкери бул кылмыш боюнча «Атайлап киши өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди. Шавкатов өлөрүнөн бир күн мурун «Инстаграмдагы» баракчасы аркылуу кумса экенин ачык айтып чыккан. Анын досунун ырасташынча, маркум ошол күнү сексуалдык азчылыктын өкүлдөрү чогулган түнкү клубга барган. Ал жерден 40 жаштагы эки адам келип, Шокир Шавкатовду алып кетишкен. Эртеси күнү анын мууздалган сөөгү Ташкенттеги батирлердин биринен табылган. Өзбек ЛГБТ-коомчулугунун өкүлдөрү Шавкатовдун өлүмүн аларды «коркутуу» деп эсептей тургандыктарын билдиришти.
Өзбекстан бир жыныстуулардын мамилесине мыйзамдуу түрдө тыюу салган саналуу мамлекеттердин катарында. 2018-жылдын апрелинде БУУ ЛГБТ өкүлдөрүнүн укуктарын сактоо боюнча 11 сунуш киргизип, Ташкент аны кабыл алган эмес.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив