Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Издөө
» » Самат Курманкуловду Москвага алып кетишти

Самат Курманкуловду Москвага алып кетишти

12 авг 2019, 15:08    bishkek
Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкуловду дарылоону улантуу үчүн Москвага алып кетишти. Бул маалыматты Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков тастыктады. Анын «Азаттыкка» берген маалыматы боюнча, Курманкулов дагы эле комада жатат.
11-августта Бишкекке Москвадагы Бурденко борборунан нейрохирург жана реаниматолог чакыртылып, алардын катышуусу менен консилиум өткөрүлгөн. Анын жыйынтыгында Курманкуловго кайрадан нейрохирургиялык операция жасоонун кереги жок деген чечим кабыл алынган.
Ошондой эле бейтаптын дарылануусун мындан ары Москвадагы Бурденко атындагы Нейрохирургия борборунда улантуу жөнүндө чечим чыккан. Жумабеков Москвада эми полковникти комадан чыгарууга аракети көрүлөрүн айтты.
Андан тышкары «Курманкуловго алгач туура эмес операция жасалган» деген маалыматтарды четке какты.
Самат Курманкулов 7-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда жараат алган. Мурдагы президентти кармоо боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) «Альфа» ыкчам тобу жүргүзгөн операция оңунан чыкпаган соң Кой-Таш айылына милиция күчтөрү тартылган. Ошол жерге чогулган эл менен милиция ортосундагы кыска кагылыш учурунда Курманкуловдун башына таш тийген. Буга чейин Самат Курманкуловдун башына эки жолу операция жасалды.
Булак: "Азаттык"скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив