Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Кой-Таштагы окуядан кийин кармалгандар №1 тергөө абагына которулат

Кой-Таштагы окуядан кийин кармалгандар №1 тергөө абагына которулат

12 авг 2019, 15:04    bishkek
Кыйноонун алдын алуу борборунун өкүлдөрү Кой-Таштагы окуяга байланыштуу кармалгандардан кабар алышты. Борбордун башчысы Нурдин Сулаймановдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, учурда Бишкек шаардык милициясынын тергөө абагында кармалып турган тогуз киши бүгүн, 12-августта Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына караштуу №1 тергөө абагына которулат. Алардын алтоо Кой-Таштагы, үчөө аянттагы ызы-чууда кармалган.
Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү КСДПнын мүчөлөрү Фарид Ниязов, Алга Кылычов жана мурдагы президент Атамбаевдин тарапташтары Кыяз Исмаилов, Марат Шаменов жана Амантур Жамгырчиев менен сүйлөшүп, денесинде жараат бар-жогун текшеришти. Жамгырчиевдин көзү шишиген. Бул жараат ал кармалганга чейин эле болгону каттоо журналына жазылган. Калгандары эч нерсеге арызданган эмес. Ал эми аянтта кармалгандардын бирөө милиция тарабынан бутунан жараат алганын билдирген. Бул боюнча Бишкектин Биринчи май райондук прокуратурасына маалымат берилди.
Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, КСДПнын мүчөлөрү Алга Кылычов, Кыяз Исмаилов жана тарапкер Амантур Жамгырчиев соттун чечими менен 8-октябрга чейин камакка алынган. Ал эми Марат Шаменов 11-августта кармалган.
Кой-Ташта 7-8-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурундагы окуялар боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова баш болгон бир нече киши суракка чакырылды. Бүгүн, 12-августта КСДПнын мүчөсү Рита Борбукеева сурак берерин «Азаттыкка» билдирген. 
Булак: "Азаттык"скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив