Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » Президент Сооронбай Жээнбеков: Бүгүн биз тарыхый чечим кабыл алабыз – биздин мамилелерди сапаттык жаңы деңгээлге – ар тараптуу стратегиялык кызматташтыкты тереңдетүү баскычына көтөрөбүз

Президент Сооронбай Жээнбеков: Бүгүн биз тарыхый чечим кабыл алабыз – биздин мамилелерди сапаттык жаңы деңгээлге – ар тараптуу стратегиялык кызматташтыкты тереңдетүү баскычына көтөрөбүз

13 июн 2019, 16:36    bishkek
«Бүгүн биз тарыхый чечим кабыл алабыз – биздин мамилелерди сапаттык жаңы деңгээлге – ар тараптуу стратегиялык кызматташтыкты тереңдетүү баскычына көтөрөбүз», – деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-июнда Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен анын Кыргызстанга мамлекеттик визитинин алкагында өткөн кеңири курамдагы жолугушууда.
Мамлекет башчысы Кытайдын Төрагасы менен болгон быйылкы жылдагы үчүнчү жолугушуу өлкөлөр ортосундагы стратегиялык кызматташтыктын жогорку деңгээлин жана активдүү динамикасын көрсөтүп турганын канааттануу менен белгиледи.
«Сиздин кыргыз-кытай ар тараптуу стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине жеке көңүл буруп жатканыңызды биз жогору баалайбыз. Сиздин колдооңуз менен Кыргызстанда республиканын экномикасын өнүктүрүүгө багытталган масштабдуу долбоорлор жүрүп жатат. Көз карандысыздык жылдары ичинде көрсөтүлгөн жардам үчүн биз кытайлык досторубузга ыраазыбыз», - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Президент КЭР Төрагасынын бул мамлекеттик визити абдан жемиштүү болуп, кыргыз-кытай мамилелериндеги жаркын жана тарыхый учур болот деп ишене турганын билдирди.
“Былтыр биз Сиз менен өз ара мамилелердин деңгээлин ар тараптуу стратегиялык кызматташтыкка чыгардык. Өз ара аракеттешүүнү мындан ары өнүктүрүү жана активдештирүү үчүн бизде чоң мүмкүнчүлүктөр бар», - деп белгиледи Мамлекет башчысы.
Президент «тайвань маселеси» боюнча Кыргыз Республикасынын позициясын дагы бир жолу тастыктады.
«Тайвань Кытай территориясынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат, ал эми Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү – бүтүндөй Кытайдын атынан сүйлөгөн жалгыз мыйзамдуу Өкмөт», - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Мамлекет башчысы терроризм, экстремизм жана сепаратизм менен күрөшүү маселелери боюнча Кыргызстан Кытай менен бирдиктүү позицияны карманарын кошумчалады.
«Дүйнөлүк жана регионалдык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу маселелери салт катары Кыргызстандын жана Кытайдын тышкы саясатынын негизги артыкчылыктарынын бири бойдон калат. Коргонуу жана коопсуздук чөйрөсүндөгү көптөгөн олуттуу маселелер боюнча биздин бирдиктүү көз карашыбыз мамлекеттерибиз ортосундагы өз ара аракеттешүүнү кеңейтүү жана активдештирүү үчүн бекем негиз түзөт деп эсептейм», – деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив