Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Издөө
» » Атамбаев жана «Апрель» телеканалы үч саясатчыга 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирилди

Атамбаев жана «Апрель» телеканалы үч саясатчыга 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирилди

03 май 2019, 11:54    bishkek
Бишкек шаардык соту «Апрель» телеканалын Азимбек Бекназаровго, Акматбек Келдибековго жана Кеңешбек Дүйшөбаевге 100 мин сомдон төлөп берүүгө милдеттендирди. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дагы аларга ушунча каражат төлөп берүүгө тийиш.Чечим 2-майда кабыл алынганын «Медиа полиси» институту кабарлады.

Муну менен шаардык сот райондук соттун чечимин бираз өзгөрткөн. Буга чейин Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту «Апрель» телеканалын өз эфиринде төгүндөө жарыялаганга, ал эми Атамбаевди ар бир саясатчыга 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирген.
2018-жылы 10-декабрда Атамбаев «Апрель» телеканалына интервью берген. Доогерлер мурдагы президент алардын ар-намысынан шек келтиргенин билдиришкен. Атамбаевдин адвокаты жалаа жабуу же фактыларды бурмалоо болбогонун, арызданган үч саясатчынын кадыр-баркына доо келбегенин жүйө келтирген.
Азимбек Бекназаров, Акматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевди жана «Апрель» телеканалын былтыр жыл этегинде сотко беришкен. Алар «экс-президент телеканалдагы маегинде ар-намысыбызга шек келтирди» деп, жалпысынан 18 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив