Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Издөө
» » Өзбекстан: Муфтияттын имаратында бейбаштык кылуу айыбы менен эки блогер кармалды

Өзбекстан: Муфтияттын имаратында бейбаштык кылуу айыбы менен эки блогер кармалды

12 апр 2019, 08:43    bishkek
Өзбекстандын мусулмандар дин башкармалыгы ташкенттик эки блогерди Муфтияттын имаратынын ичинде коомдук тартипти бузууга айыптап жатат.
8-апрелде кармалган блогерлердин бири Рустам Карим «Фейсбук» баракчасына түз эфирде жазылган видеокайрылуусун жайгаштырган. Алардын бирөөсү Муфтияттын имаратынын ичинде, экинчиси көчөдө тартылган.

Видеодо Рустам Карим шериги экөө муфтийдин орун басары, шейх Абдулазиз Мансур менен жолугуп, «бийликтин аялдарга хижаб кийүүгө тыюу салышы жана адал азыктарга сертификат берүүдөгү маселелер» боюнча нааразылык билдиришкенин айткан.
Мындан тышкары блогер жолугушуу маалында «Нооруз» майрамы жана сүмөлөк тууралуу хадистер жазылган Эргаш Ачиловдун китеби тууралуу маселе козголгонун билдирген.
Көчөдө тартылган видеодо болсо Рустам Карим муфтийдин орун басарын «тырмакчанын ичиндеги шейх» деп атаган. Кайрылуунун соңунда ал шериги экөө муфтияттан эч тоскоолдуксуз чыгып кетишкенин айткан.



Бирок бул билдирүүлөр жарыялангандан көп өтпөй социалдык түйүндөрдө блогерлер кармалгандыгы тууралуу маалыматтар пайда болду. Кыска убакыттын ичинде «Фейсбукта» блогерлерди колдогон акция башталды. Айрым колдонуучулар бийликти «Рустам Карим менен Тулкин Астановду бошотууга» чакырышты.
Ташкент шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, эки блогер «Муфтият имаратынын ичинде бейбаштык кылуу жана милиция кызматкеринин мыйзамдуу талаптарын аткарбоо» беренелеринин негизинде административдик укук бузууга айыпталууда. Бирок мекемеден учурда блогерлердин кайсыл жерде экендигин жана канча убакытка кармалганын билдиришкен жок.
Айрым социалдык түйүн колдонуучуларынын маалыматына караганда, Рустам Карим менен Тулкин Астанов 15 суткага камакка алынган.
Өз кезегинде шейх Абдулазиз Мансур дагы видеокайрылуу жасап, «муфтияттын имаратынын ичинде Рустам Карим үнүн катуу чыгарып, өзүн адепсиз алып жүргөнүн» билдирди. Ал ошондой эле социалдык түйүндөрдө Рустам Каримовдун башка видеолорун да көргөнүн белгилеп, анда блогер «имам-хатибдер менен уламаларды тааныгысы келбей, муфтият өкүлдөрүнүн айтканын укпастыгын» айтты.


Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, эки блогердин иши Ташкенттеги Алмазар райондук сотунда каралган. Анда 43 жаштагы Рустам Карим менен 47 жаштагы Тулкин Астанов «Майда бейбаштык» жана «Милиция кызматкеринин мыйзамдуу талаптарын аткарбоо» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылышкан.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив