Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Кокон колледжинде ондогон кыз өз өмүрүн кыюуга аракет жасаганы айтылууда

Кокон колледжинде ондогон кыз өз өмүрүн кыюуга аракет жасаганы айтылууда

10 апр 2019, 14:23    bishkek
Кокон атайын адистештирилген өнөр жай колледжинде 2018-жылдан бери ондогон окуучу өз өмүрүн кыюуга аракет жасаган.Бул тууралуу окуу жайдын жумуштан бошотулган бир нече кызматкери билдирди. Алар буга далил иретинде Кокон шаардык ооруканасынын алынган маалымкаттын көчүрмөсүн жөнөтүштү.
Маалымкатта 2018-жылы 15-октябрдан 15-ноябрга чейин аталган колледжден шаардык ооруканага кайрылган 36 кыздын аты-жөнү аларга коюлган диагноз жазылган.
36 кыздын ичинен төртөөнүн денесинен металл ийнелер, дагы эки кыздан айнектин сыныктары табылган. Дагы бир нече кыз ар түрдүү деңгээлде жаракат алган.
Кокон атайын адистештирилген өнөр жай колледжинин мурдагы тарбиячыларынын бири төрт кыздын денесине металл ийнелер кантип киргенин төмөндөгүчө эскерди:
– Так күнүн айта албайм, бирок ноябрь айында болгон. Үч кыз колледжден качып кеткен. Алардын кармашып, изоляторго камашкан. Ал жерде кыздар ичине кийим тигүүчү ийнелерди сайып киргизишкен. Мен өзүм “тез жардам” чакыргам.
Ал окуучулар жаңы жетекчиге каршы чыгып, тарбиячылардын жумуштан бошотулушуна наарызы болуп жүрүшкөнүн кошумчалады.
Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Кокон атайын адистештирилген өнөр жай колледжинде бир дагы суицид аракети катталбаганын маалымдады. Жумуштан айдалган тарбиячылар окуу жайдын жетекчилиги бул көрүнүштү жашырып-жаап келет деп эсептешет.
Колледжде 247 өспүрүм кыз билим алат. Аларга жүздөй педагог сабак берет. Колледждин мурдагы жетекчилиги окуу жайдын аймагында сойкукана уюштурууга айтыпталган. Өкүм качан чыгары белгисиз.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив