Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Душанбенин борборунда бейтааныш аялды сабаган милиция кызматкери жазадан кутулду

Душанбенин борборунда бейтааныш аялды сабаган милиция кызматкери жазадан кутулду

03 апр 2019, 15:49    bishkek
Тажикстандын Башкы прокуратурасы Душанбеде бейтааныш аялды сабаган деп шектелип жаткан милиция кызматкери Сафарбек Махмадсаидзодага каршы кылмыш ишин козгобойт.
Мекеме мындай чечимин тартип сакчысы өзүн жана айланадагы адамдарды мас абалындагы аялдан коргогондугу менен түшүндүрүүдө. Бирок укук коргоочулар милиция кызматкерин жазалабоо — адилеттүүлүк жана мыйзам алдында бардык адамдар бирдей деген принципти бузуп жатканын билдиришүүдө.
Өз булактардын маалыматына караганда, текшерүүлөрдөн кийин укук коргоо органдары Махмадсаидзода профессионалдык этиканы бузган, бирок анын кылмыш кылуу ниети болгон эмес деген жыйынтыкка келишкен. Булактын айтымында, тартип сакчысы көчөдөгү адамдарга коркунуч жараткан мас абалындагы аялды тынчтандырган.
«Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү менен видеокамералардагы кадрлар биринчи аял милиция кызматкерине асылганын көрсөтүп турат. Укук коргоо кызматкери коомдук тартипти сактоо максатында аялды тынчтандырууга аргасыз болгон», - деди булак.
Окуя 21-мартта болгон. Тартип сакчысы Душанбенин борборунда бейтааныш аялды сабап жаткандыгы тартылган видео ошол эле күнү интернетке жарыяланып, колдонуучулардын кызуу талкуусун жараткан. Тасмада аял бетин жаап, милиция формасын кийген адамдын урбоосун өтүнүп жатканын жана көчөдөгү адамдар анын психикалык жактан оорукчан экенин айтып жатышканын угууга болот. Бирок тартип сакчысы бул сөздөрдү укпай, аялды бир нече жолу уруп жиберген.
Бул видео жарыялангандан кийин Сафарбек Махмадсаидзода өлкөнүн ички иштер министринин буйругу менен иштен алынган.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив