Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Ташкент абагында дагы бир базардын мурдагы жетекчиси каза болду 02 Апрель, 2019

Ташкент абагында дагы бир базардын мурдагы жетекчиси каза болду 02 Апрель, 2019

03 апр 2019, 00:07    bishkek
30-мартта Ташкенттеги №1 тергөө абагында «Бек Тупи» базарынын мурдагы жетекчиси Шукриллахон Эргашев каза болду.
Өз булактар 57 жаштагы Шукриллахон Эргашевдин жүрөк оорусу кармап көз жумганын кабарлашты.
Эргашевдин туугандарынын бири ишкердин саламаттыгы жайында болбогонун тастыктады. “Февралдын башында Шукур-аканы “Таштүрмөдөгү” медициналык бөлүмгө жаткырышкан. Ал кант диабети менен ооручу, жүргөгү да начар эле. “Ал инфаркат болуп өлдү” деп айтышты. Биз буга ишенүүгө аргасызбыз. Жанында жок болчубуз, чынында эмне болгонун билбейбиз”, – деди ал.
Өзбекстан Башкы прокуратурасы ал инфаркт болуп өлгөнү тууралуу маалыматты ырастады.
Шаардык «Бек Тупи» базарынын мурдагы жетекчиси Шукриллахон Эргашев былтыр жайында кармалган. Ага карата кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана каражатты ыксыз коромжуга учуратуу айыбы тагылган.
Кылмыш ишиндеги материалдарга ылайык, «Бек Тупи» базарынын жетекчилиги эки миң тонна пиязды 3,3 миллиард сумга сатып алган. Ошол учурда Шукриллахон Эргашев базардын башчысы болгон, кийинчерээк иштен кеткен. Анын ордуна базардын жетекчилигине Батыр Ташматов дайындалган, учурда ал дагы “пияз иши” боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында сурак берүүдө.
2018-жылы жайында Ташкенттеги 11 ири базардын жетекчисине кылмыш иши козголгон, алар мамлекеттик кампаларда пияздарды чиритип жиберүүгө айыпталышкан.
Былтыр 12-ноябрда «Таштүрмөдө» базар жетекчилери менен чогуу камалган «Чилонзор буюм савдо комплекси» акционердик коомунун капиталдык курулуш бөлүмүнүн башчысы Дилшод Абдуллаев каза болгон.
Расмий маалыматтар боюнча Дилшод Абдуллаев тергөө абагында асынып алган. Бирок маркумдун туугандары абакта аны кыйноого алып, өлтүрүп коюшканын билдиришкен.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив