Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Казакстанда эки суткадан бери мунай кениндеги скважинада газ күйүп жатат (видео)

Казакстанда эки суткадан бери мунай кениндеги скважинада газ күйүп жатат (видео)

27 мар 2019, 13:39    bishkek
Казакстанда эки суткадан бери Мангистау облусунда жайгашкан Каламкас мунай кениндеги скважиналардын биринде сыртка сызылып чыккан газ ачык күйүп жатат. Кенди Казакстандын «КазМунайГаз» жана Кытайдын CNPC компанияларына таандык «Мангистаумунайгаз» ишканасы 1996-жылдан бери иштетип келет.
Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдындагы Өзгөчө кырдаалдар департаментинин башчысы Владимир Беккердин айтымында, «мунайдын өзү күйбөгөндүктөн, кендеги өрт чоң техногендик кырсык деп эсептелбейт». Өз кезегинде өлкөнүн энергетика министринин орун басары Сабит Нурлыбай кенге эң жакын жайгашкан калктуу конуш 70 чакырым алыстыкта экенин жана «айлана-чөйрөгө олуттуу зыян келтирүү жок экенин» билдирди.
13-мартта Каламкас кениндеги скважиналардын биринде газ аралашмасы сызылып чыгып жатканы аныкталган. Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, 13-марттан 24-мартка чейин скважиналардагы газ сызылып чыккан бардык жерлер тосулган. Бирок 25-март күнү кечинде алардын басым жогору болгон бирөөсүндө газ аралашмасынын тутанышынан улам өрт башталган.
Өрттү өчүрүүгө дале болсо мүмкүн болбой жатат. Бирок 26-мартта Өзгөчө кырдаалдар комитетинин башчысы Владимир Беккер Атырау шаарынан өрт чыккан жерге кошумча техника жөнөтүлгөнүн айткан.
Облустук прокуратурадан өрттүн чыгышына байланыштуу кылмыш иши козголгонун жана компаниянын жетекчилиги бул өзгөчө кырдаал тууралуу өз убагында кабар бербегенин билдиришти.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив