Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Каракалпакстандык Ромео менен Жульетта бири-бирин бычак менен сайып, кыз каза болду

Каракалпакстандык Ромео менен Жульетта бири-бирин бычак менен сайып, кыз каза болду

26 мар 2019, 15:20    bishkek
Каракалпакстандын Канлыкөл районунда 21 жаштагы кыз менен 24 жаштагы бала көрүстөндө бири-бирин бычак менен сайып, жыйынтыгында кыз каза болуп калган.
Өз булактардын маалыматына караганда, окуя быйыл 1-мартта болгон. Бирок ал тууралуу 25-мартта гана белгилүү болду.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, жаштар кыз-жигит болуп үч жыл сүйлөшүп жүрүшкөн. Бирок февралда кызды канлыкөлдүк башка бала ала качып кеткен.
«Кыз Нукуста окучу. Ал окууга кеттим деп мурдагы жигити менен качып кеткен. Алар райондук базардан эки чоң бычак сатып алып, айылдардын бириндеги көрүстөнгө барышкан. Анда экөө бири-бирине бычак сайып, бала бул тууралуу агасына телефон аркылуу кабар берген», — деди тургундардын бири.
Райондук ооруканадан кабарлашкандай, кыз жолдо каза болуп, бала жаракаттары менен реанимация бөлүмүнө жаткырылган.
Маалыматтарга караганда, бала өткөн жумада ооруканадан чыккандан кийин дароо камакка алынып, ага карата «Атайылап адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Өлкөнүн Башкы прокуратурасынан билдиришкендей, бала өлтүрүү максатында кызды моюнга жана жүрөккө бир нече жолу сайып, андан соң өз жанын кыюуга аракет кылган.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив