Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » Тажикстандагы теракттан мерт болгон велотуристтин энеси компенсация сурайт

Тажикстандагы теракттан мерт болгон велотуристтин энеси компенсация сурайт

18 мар 2019, 10:41    bishkek
Жеа Сантоваско теракттын алдын албаганы үчүн Тажикстандын укук коргоо органдарын күнөөлөөдө.Дангара-Душанбе трассасында велотуристтерге кол салууда уулун жоготкон АКШ жараны тажик бийлигинен моралдык компенсация алууга аракет жасай турганын билдирди.
62 жаштагы Жеа Сантоваско Ню-Жерси штатында жашайт. Ал Дангара районундагы кол салуудан мерт болгон туристтердин биринин апасы.
29-июлда "Daewoo Leganza" үлгүсүндөгү автоунаа Тажикстандын түндүгүндөгү Дангара районунда велосипед менен кыдырып жүргөн чет өлкөлүк туристтердин тобун сүзүп кеткен. Андан Нидерланд менен Швейцариянын бирден жана АКШнын эки жараны каза болуп, дагы үч чет өлкөлүк жараат алган.
Бул теракт үчүн "Ислам мамлекети" террордук тобу жоопкерчилик алган. Өз кегезинде тажик бийлиги бул ишке өлкөдө тыюу салынган Тажикстан “Ислам кайра жаралуу партиясын” айыптоодо.
Былтыр ноябрь айында чет өлкөлүк велотуристтерге кол салуу иши боюнча негизги айыпталуучу Хусейн Абдусамадов өмүр бою эркинен ажыратылган. Бул кылмышка көмөктөшкөн жана экстремисттик уюмдарга мүчө болгон деп күнөөлөнгөн Кароматулло Ганиев менен Бехруз Сафоев 16 жылга соттолгон.
“Азаттыктын” тажик кызматынын кабарчысы менен маектешкен Жеа Сантоваско бул трагедиядан кийин өмүрү азап менен коштолгонун, Жей жалгыз уулу экенин айтып берди. “Жей өлгөндөн кийин, төрт ай дендароо болуп жүрдүм. Азыр жашоомду кайрадан жаңы баштап жатам”, – деди Жеа Сантоваско. Ал убактысынын көбүн жумушта өткөрөт, Жеа риэлтордук иш менен алектенет.
Ал АКШдагы Тажикстандын элчиси менен жолугушуп, Жейдин өлүмү үчүн компенсация талап кылып жатканын айткан. Жеа бул маселени сүйлөшүү же сот аркылуу чечүүгө ниеттенүүдө. Элчилик жакында бул суроого расмий түрдө жооп берүүнү убада кылган.
Бул арада кырдаалды жакшы билген өз булактын маалымдашынча, америкалык Жей Остин менен швейцариялык Хамель Маркустун жакындарынын суроосу боюнча ар кыл өкмөттүк түзүмдөрдүн өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүлгөн. “Мага жеткен маалыматтар боюнча кеп ири суммадагы компенсация жөнүндө болуп жатат”, – деди ал.
Жеа Сантоваско тажиктерге таарынычы жок экенин, трагедиядан кийин көптөгөн Тажикстан жарандары көңүл айтканын кошумчалады. Уулунун сөөгү мекенине 2018-жылы 13-августта жеткирилген. Ал 29 жашта гана болгон.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив