Как Атамбаев попиарился на Аксыйских событиях и снова напомнил о себе
Кылдан кыйкым издеген жарабайт 
Баткен облусунун Кадамжай районунда “Факел” чек ара заставасынын жаңы курулган имараты ачылды
В связи с чередой громких арестов приближенных Атамбаева, рейтинг последнего резко пошел вниз 
Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүүгө даярдыкты текшерди
Кытайларга каршы маанайды курчутуу АКШ-Кытай тирешинин учкунубу? 
Алмазбек Акматалиев, ректор: "Түкүргөн болбойт, бул маданиятсыздык, инфекция таратуу!"
Кыргызстан мусулмандары: «Доллар менен миллионер экениңиз чын болсо, убада кылган мечитти бүтүрүп бербейсизби?»
Станут ли откровения Алмаза Атамбаева основой для возбуждения против него уголовного дела?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
Издөө
» » Кыргыз-тажик чек арасындагы азыркы абал айтылды

Кыргыз-тажик чек арасындагы азыркы абал айтылды

15 мар 2019, 12:26    bishkek
Эки тараптын сүйлөшүүсү бүгүн да уланат.
Мамлекеттик чек ара кызматы Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу экенин билдирди.
Ага ылайык, түнкү саат 22:00дөн таңкы саат 6:00гө чейин чек арада кишилердин топтолушу катталган эмес.
"14-мартта Дача аймагында эки тараптын делегациялары жолугушкан. Кыргыз тараптан вице-премьер, Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы, Баткен облусунун жетекчиси, ИИМ жетекчисинин орун басары жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышкан. Ал эми тажик тараптан болсо вице-премьер, Тажикстандын чек ара аскерлеринин төрагасынын биринчи орун басары, Согди облусунун губернатору, облус прокурору жана башка тийиштүү кызматтын өкүлдөрү келди", — деп айтылат маалыматта.
Эки тараптын жолугушуусу бүгүн да уланат. Ал ортодо Исфара — Ворох менен Баткен - Лейлек жолдору дагы деле жабык.
Мамлекеттик чек ара кызматы укук коргоо органдары жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте чек арага жакын жайгашкан аймактын тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Ушундай эле аракеттер тажик тараптан дагы көрүлүүдө.Эске салсак, 13-мартта Баткен районунун Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Меxнатабад айылынын тургундары ортосунда чыр чыккан. Ага Ак-Сай — Тамдык айланма жолдун курулушу себеп болгон.
Эл бири-бирине таш ыргытып, тажикстандыктар кыргыз жаранынын жашабаган эски үйүн өрттөшкөн.
Булак: Спутник 

скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив