Таалайбек Сарыбашов, Ош шаарынын мэри: «Баардык ишканалардын техникаларын жаңылап берүү эң башкы максатыбыз...”
Шамиль Атаханов думал, что заключение под стражу – это путевка на курорт?
Президент Сооронбай Жээнбеков: Калкты таза суу менен камсыздоо – мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири
Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан мыйзам долбоорлору добуш берүүгө жолдонду
Жолборс ЖОРОБЕКОВ, саясый илимдердин доктору, профессор, экс-депутат: “Мелистин сыртта жүргөнү Кыргызстанга аброй алып келбейт”
Приятная новость для фемеров: сняты ограничения на ввоз сельхозпродукции
Кулматов менен Ибраимов «Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен эки миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган
Президент Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстан придает первостепенное значение вопросам дальнейшего углубления региональной интеграции в рамках ОДКБ
Эрктүүлүгү менен эл ишенимине ээ болгон президент жана кызматтан чегинген башкы чекист
Турсунбек Акун: "Батукаевди чыгаруунун башында Атамбаев өзү туруп, Данияр Нарынбаев көзөмөл кылган"
Азимбек Бекназаров: "Саясатта Матраимов “ноль”, жок адам"
Сооронбай Жээнбеков: Наша экологически чистая агропродукция конкурентоспособна на международном рынке
Издөө
» » Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал: бир киши каза болуп, 20дан ашыгы жаракат алды

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал: бир киши каза болуп, 20дан ашыгы жаракат алды

14 мар 2019, 09:56    bishkek
13-мартта кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал маалында Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургуну жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Тажик тарап бир киши каза болуп, 20дан ашык адам жаракат алганын билдирүүдө.
Маалыматка караганда, мерт болгон адам Тажикстандын Исфара районунда мугалим болуп иштеген 43 жаштагы Хусейн Хакимов аттуу жаран. Анын кыргыз тараптан атылган октон каза болгону айтылууда. «Ок анын төшүнө тийген. Ал көп кан жоготкондуктан каза болду», — деп жазды «Азаттыктын» тажик кызматы аты-жөнүн билдиргиси келбеген булагына таянып.
Маалыматка караганда, жаңжал Тажикстандын Тожикон айылынын жашоочулары чек араны демаркациялоо иштери аяктаганга чейин Ворух анклавын айланып өтчү Ак-Сай — Тамдык унаа жолунун курулушун токтотууну талап кылгандан кийин башталган.
«Азаттык» радиосунун Баткен облусундагы кабарчысы Ворух анклавынын тургундары Ош-Исфана жолунун Жака-Өрүктөгү бөлүгүн жаап алышканын кабарлады. Анын айтымында, аймакта иштеп жаткан жалгыз трактор чек арадан эки чакырым алыстыкта Кыргызстандын аймагында жүргөн.
Кыргызстандын Чек ара кызматы жаңжалдашып жаткан тараптарды тынчытуу үчүн эки өлкөнүн чек арачылары эскертүү иретинде асманга ок атышканын билдирди. «Чек арачылардын кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу аракеттерине карабастан, эки өлкөнүн чектеш аймактарынын жашоочулары бири-бирине агрессивдүү мамиле кылып, натыйжада тажик жарандары Кыргызстандын жаранынын үйүн өрттөп жиберишти», - деп жазылган кыргыз Чек ара кызматынын билдирүүсүндө.
Акыркы маалыматтар боюнча чек арадагы абал салыштырмалуу туруктуу. Эки өлкө чек арачыларынын түшүндүрүү иштеринен кийин чогулгандар тарай башташкан.
Ал ортодо Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен тажикстандык кесиптеши Сирожиддин Мухриддин телефон аркылуу сүйлөштү. Алар коңшу элдердин ынтымагын бекемдөө үчүн чек арадагы абал жөнгө салынышы керектигин белгилешти.
Расмий маалыматтар боюнча кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 976 чакырымды түзсө, алардын 504 чакырымы демаркация жана делимитация боло элек.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив