Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Казакстанда "Атажурт" коомдук бирикмесинин жетекчиси кармалды

Казакстанда "Атажурт" коомдук бирикмесинин жетекчиси кармалды

11 мар 2019, 09:32    bishkek
"Атажурт" бирикмесинин жетекчиси Серикжан Биляшты полиция кызматкерлери 10-мартта Алматыдагы мейканканадан түн жарымында кармап кетишкен. Ал азыр Астана шаардык полиция департаментинде отурат. Бул тууралуу бирикменин мүчөсү Кайрат Байтолла билдирди.
Анын айтымында, ишембиде, 9-мартта Серикжан Биляшты белгисиз кишилер аңдып жатканы белгилүү болгон. Кесиптештери коопсуздук максатында аны үйүнө эмес, мейманканага барууга көндүрүшкөн. Түнчүндө болжол менен 10-15 киши эшикти түртүп кирип, Серикжан Биляшты кармап, дароо Астанага жеткиришкен.
“Таң эртең менен Серикжан өзү биз менен байланышты. Азербайжан, татар маданий бирикмелеринин жыйынында сүйлөгөн сөзүн бирөөлөр бурмалап, полицияга арызданган экен. Ошол арыздын негизинде кармалган. Прокуратура санкция берген эмес. Ушинтип да кишилерди коркутууга болобу?”, – деди Кайрат Байтолла.
Астана полиция департаменти “Атажурт” бирикмесинин төрагасы кармалганын тастыктады. Расмий маалыматтарга караганда, ал социалдык жана улуттук кастыкты козутууга айыпталууда.
Февралдын башында Алматы район аралык соту Серикжан Биляшты катталбаган бирикмеге жетекчилик кылганы үчүн 252 миң теңге (670 АКШ доллары) айыппулга жыккан.
“Атажурт” коомдук бирикмеси 2017-жылы жазында түзүлгөн. Уюм Кытайда кысымга алынган этникалык азчылыктардын укугун коргоп, маалымат жыйындарын өткөрүп келет.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив