Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » Душанбеде курулушчулар 33 метрлик бийиктиктен кулап түшүштү

Душанбеде курулушчулар 33 метрлик бийиктиктен кулап түшүштү

26 фев 2019, 11:46    bishkek
Душанбе шаарынын борбордук мечитинде иштеп жаткан онго чукул курулушчу 33 метрлик бийиктиктен кулап түштү. Прокуратура бул факт боюнча териштирүү ишин баштады.
"Окуя 25-февралда мечиттин төбөсүндө монтаж иштери жүрүп жаткан маалда болду. Күтүүсүздөн шатылар кыйрап, курулушчулар жерге кулап түшүштү. Болжол менен сегиз киши “тез жардам” унаасы менен Улуттук медициналык борборго жеткирилди", – деди жумушчулардын бири.
Борбордук мечитте иштеген башка бир курулушчу Мухаммадали Султоновдун айтымында, жумушчулар коопсуздук эрежелерин сакташкан эмес.
Курулушчулар иран компаниясында иштешкен. Улуттук медициналык борбордон билдиргендей, жабыр тарткандардын биринин абалы оор.
Борбор Азиядагы эң ири мечит болот деп салынып жаткан объектинин пайдубалы 2009-жылы түптөлгөн. Ал 12 гектар аянтты ээлейт. Мечиттин долбоору Тажикстан жана Катардын адистери тарабынан даярдалган.
Душанбенин Борбордук мечитине бир эле учурда 120 миң киши батат. Муну менен ал Түркмөнстандагы "Түркмөнбаши Рухы", Кыргызстандагы "Имам Сарахси" мечиттеринен дагы чоң болот. Долбоордун наркы 100 миллион долларга бааланган. Анын 70 пайызын Катар, 30 пайызын Тажикстан өкмөтү каржылайт.
Учурда объектиде 300дөн ашуун киши иштейт, пландалган жумуштардын 75 пайызы бүттү.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив