Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » «Себаттын» жетекчилиги бүтүрүүчүлөр жазган окуяларды текшерет

«Себаттын» жетекчилиги бүтүрүүчүлөр жазган окуяларды текшерет

25 фев 2019, 15:35    bishkek
«Сапат» (мурдагы «Себат») билим берүү мекемеси окуучуларга карата жасалган мамиле тууралуу бүтүрүүчүлөрдүн #metoosebat хэштеги менен жазгандары боюнча текшерүү жүргүзөт. Бул тууралуу «Азаттыкка» «Сапаттын» жетекчиси Нурлан Кудайбердиев билдирди.
Анын белгилешинче, мугалимдердин балдарга карата жасаган мамилеси дайыма жетекчиликтин көзөмөлүндө.
«Бул хэштегдин алдында жазгандар лицейди 10-15 жыл мурун бүтүрүп кеткендер окшойт. Ошого карабай, биз бул маалыматтарды текшеребиз, аларга байланышып, ким эмне болгонунун баарын сурайбыз. Окуучуга туура эмес мамиле кылган мугалимдер болуп калса иштен алынат», — деди ал.
Акыркы күндөрү мурдагы «Себат» түрк лицейинин бүтүрүүчүлөрү «Твиттерде» #metoosebat деген хэштегдин алдында мектептердеги мугалимдердин окуучуларга кылган мамилесин, окуучулардын арасындагы чоң муштумдук жана башка жагымсыз окуялар тууралуу эскерип жазып жатышат.
Учурда «Сапат» билим берүү мекемесине караштуу он алты лицей, төрт мектеп, бир жогорку окуу жайы бар. 90-жылдары түрк лицейлери катарында Кыргызстанда ачылган «Себат» билим берүү мекемелери 2017-жылдан тарта аталышын «Сапат» деп өзгөртүп, аны негиздөөчүлөр курамы Кыргызстандын билим берүү министрлигинин карамагына кирген. Буга Анкаранын бир катар мамлекеттерден, анын ичинде Кыргызстандан да Фетхуллах Гүлендин «Хизмет» кыймылына таандык мектептерди, анын ичинде кыймылга таандык делген «Себат» мектептерин да жабууну талап кылганы негиз болгон. Расмий Бишкек «Сапат» өлкөнүн мыйзамдарына ылайык иштеп жатканын, мамлекет үчүн коркунучу жоктугун билдирген.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив