Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » Ошто көмүр исине ууланган 18 бала ооруканадан чыгарылды

Ошто көмүр исине ууланган 18 бала ооруканадан чыгарылды

30 янв 2019, 13:02    bishkek
Эски мектепте сабак учурунда көмүр исине ууланган балдар 29-январь күнү Ош облустук балдар ооруканасына алынып келген.
Үч бала дароо жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Балдар Алай районунун Самат Ашимов атындагы орто мектептин 4-классынын окуучулары. Балдар менен кошо аларды окуткан мугалими да иске ууланып, Ош облустук аймак аралык ооруканасына жаткырылган.
Облустук балдар ооруканасынын өкүлдөрү "Азаттыкка" маалымдашкандай, жандандыруу бөлүмүндөгү балдар ошол эле күнү палатага которулган. 30-январда алардын абалы канааттандырарлык болгондуктан, кайра үйлөрүнө жиберилди. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ош облустук балдар ооруканасынын дарыгери Жыргалбек Кызыров билдирди:
- Иске ууланып, баштары айланып, алсыз абалда келишти. Биз алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, кычкылтек менен дем алдырып, тиешелүү эмдөө жүргүздүк. Кечке жуук балдардын абалы турукташып, өздөрүн жакшы сезип калган. Бүгүн эртең менен дагы бир жолу текшерип, үйлөрүнө жибердик.
Алай районуна караштуу Жаңы-Алай айылындагы Самат Ашимов атындагы орто мектеп - аймактагы эскилиги жеткен билим уяларынын бири.
1973-жылы малкана болуп курулган имаратта жалпы жылуулук системасы жок. Ар бир класска өзүнчө мешке от жагылат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги "мектеп авариялык абалда" деген корутунду чыгарган. Жергиликтүү активист Медетбек Макеновдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, жаңы мектептин курулушуна 45 млн. сомдук долбоор түзүлүп, 2015-жылы 3 млн. сом бөлүнгөн. Активисттин айтмында, жаңы имараттын пайдубалы казылган боюнча иш жылбай турат.


скачать dle 12.0
Гость Jeakage от 17 февраля 2019 13:38
Cephalexin For Use In Dogs viagra Diprosone Sans Ordonnance
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив