Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » Магнитогорскиде жарылуудан кийин кармалган кыргызстандыктын кыйноого алынганы текшерилүүдө

Магнитогорскиде жарылуудан кийин кармалган кыргызстандыктын кыйноого алынганы текшерилүүдө

30 янв 2019, 12:44    bishkek
Орусиянын Челябинск облустук тергөө башкармалыгы Магнитогорскидеги үйдүн жарылышына тиешеси болушу мүмкүн деп кармалган кыргызстандык жаран кыйноого алынган деген маалыматтарды текшерүүдө.
Ошол эле маалда тергөө башкармалыгы жабырлануучу жана анын аялы “кыйноо колдонулганын караманча четке кагып” жатканын ырастоодо.
Бирок Челябинск облусунун прокурору Виталий Лопин жабырлануучунун денесинде ур-токмоктун издери бар экенин маалымдады.
Кыргызстандын жараны Халимахон күйөөсү Хуснидин Зайнабидинов 16-январда Орусиянын коопсуздук органдары тарабынан камакка алынып, кыйноого кабылганын «Азаттык» радиосуна билдирген.
Хуснидин Зайнабидинов аялына күч органдары Магнитогорскидеги үйдүн жарылышына катыштыгы бар деп шек санап, ага белгисиз адамдардын сүрөтүн көрсөтүп, аларга каршы көрсөтмө берүүгө мажбурлашканын айтып берген. Ал полиция бөлүмүндө алты саат бою кыйноого кабылганын кабарлаган.
Орусиядагы укук коргоочу Бахром Хамроевдин билдиришинче, Зайнабидиновду «эл аралык издөөдө жүргөн кылмышкер» катары Кыргызстанга экстрадиция кылуу маселеси каралууда. Алдын ала маалымат боюнча Зайнабидинов 2010-жылы июнь коогасынан кийин Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан издөөгө алынган. Ал эми укук коргоочу Бахром Хамроевдун айтымында, Магнитогорскидеги окуялардан кийин борбор азиялыктар массалык түрдө камакка алынып, кысымга кабылууда.
31-декабрда Магнитогорскиде көп кабаттуу үйдө жарылуу болуп, 39 адам мерт болгон. Анда он кабат үйдүн бир подъезди толугу менен урап түшкөн. Эртеси 1-январда жарылуу болгон үйдөн үч чакырымдай жерде “Газел” үлгүсүндөгү автоунаа өрттөнүп, үч киши өлгөн.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив