Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » 19 жаштагы Камиланын өлүмү: К.Саляновдун Америкадан кармалышы боюнча Аида Салянованын билдирүүсү

19 жаштагы Камиланын өлүмү: К.Саляновдун Америкадан кармалышы боюнча Аида Салянованын билдирүүсү

29 янв 2019, 16:21    bishkek
Мурунку башкы прокурор Аида Салянова 19 жашында киши колдуу болгон Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча коомду адаштырган маалыматтар тарап жатат деп эсептейт. Бул тууралуу өзү бүгүн, 29-январда Бишкек шаарындагы маалымат жыйында билдирди.
Буга чейин ИИМдин коллегиясында Калыбек Салянов Америкада кармалганы жана Кыргызстанга экстрадициялана турганы айтылган. Ал эми А.Салянованын айтымында, Калыбек Саляновго адам өлтүрүү боюнча эмес, тергөө иштерине тоскоолдук кылуу фактысы боюнча айып тагылган. Буга саунадагы видеокамерага 2014-жылдын 10-мартында тартылган видеотасманын атайын өчүрүлгөнү себеп болгон эле.
К.Саляновдун айыбы сыртынан 2017-жылдын 29-июнунда угузулган. Ал учурда ИИМди Улан Исраилов жетектеп турган.

«Тергөөдө саунанын жетекчиси Алмамат Насыровду мажбурлап, Калыбек Салянов андан видеону өчүрүүнү талап кылгандыгы тууралуу көрсөтмө бердиртишкен», - деген А.Салянова, Камила Дүйшөбаеванын өлүмү саясатташып, К.Саляновдун күнөөсү жоктугу тергөөдө аныкталганын белгиледи.

Ошондой эле Аида Салянова Башкы прокуратура жана ИИМдин жетекчилигине тергөөнү акыйкат жүргүзүү жана Калыбек Салянов эмне үчүн айыпталып жатканы тууралуу маалыматтарды коомчулукка ачык, так жеткирүү өтүнүчү менен кайрылды.

19 жаштагы Камиланын өлүмү

1995-жылы туулган К.Дүйшөбаева 2014-жылдын 10-мартында Бишкектин Достук кичи районундагы үйүнөн досторуна жолугуу үчүн чыгып кеткен боюнча кайрылып барган эмес. Ал досторуна жетпей, телефону өчүп калган. 16-мартта кечинде анын жансыз денеси Байтик айылындагы көрүстөндөн табылган. ЖМКлар укук коргоо органдарына шилтеме берүү менен К.Дүйшөбаева каза болгонго чейин Калыбек Салянов менен телефон аркылуу байланышканын, экөө саунага барышы мүмкүн экенин жазып чыгышкан. Алгач К.Салянов күбө катары суралган.
Маалыматка караганда, Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча ишти иликтөөнүн жүрүшүндө, тактап айтканда 2014-жылдын 22-мартында К.Э.Эльтуйбасов менен саунанын ээси А.Н. милиция иликтөө жүргүзүп жатканын билип туруп, саунадагы видеокамерадан 2014-жылдын 10-мартындагы видеотасмаларын өчүрүп салышкан. Мунун кесепетинен аталган кылмыш ишти объективдүү иликтөөгө тоскоолдуктар жаралган.

Аталган факты боюнча 2017-жылдын 29-июнунда ИИМ тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 318-беренеси (тергөөнүн жүрүшүнө тоскоолдук кылуу) боюнча кылмыш иш козголгон эле. Андан кийин К.Эльтуйбасов (Салянов) Кыргызстандын аймагынан тышка чыгып кеткени маалымдалган. Аны камакка алуу боюнча чечим чыгарылып, издөө жарыяланган болчу.
Булак: Турмуш 
скачать dle 12.0
Гость Jeakage от 13 марта 2019 17:38
Canada Discount Tadalafil 20mg best price on levitra Top Hair Loss Products Propecia And Rogaine Variety Package With Apcalis
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив