Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » Тажикстандын юстиция министри түрмөдөгү тополоң боюнча суроолорго жооп берүүдөн баш тартты

Тажикстандын юстиция министри түрмөдөгү тополоң боюнча суроолорго жооп берүүдөн баш тартты

28 янв 2019, 17:46    bishkek
Тажикстандын юстиция министри Рустами Шомурод былтыр ноябрдын башында Хожент түрмөсүндө болгон тополоң боюнча суроолорго жооп берүүдөн баш тартты.
28-январдагы маалымат жыйынында ал бул иш боюнча тергөө иштерин Башкы прокуратура жүргүзүп жаткандыктан, эч кандай маалымат бере албай турганын айтты.
Былтыр 22-ноябрда Брюсселдеги басма сөз жыйынында Тажикстандын ТИМ башчысы Сироджиддин Мухриддин түрмөдөгү тополоңду басууда террорчулар менен өзгөчө кооптуу кылмышкерлер гана өлтүрүлгөнүн билдирген. «Өлтүрүлгөндөрдүн 12си «ИМ» тобунун курамында Сирия менен Ирактагы согуштук аракеттерге катышкандыгы үчүн соттолгондор, үчөөсү «Ансоруллах», «Жундуллах» жана «Өзбекстан ислам кыймылы» экстремисттик топтордун мүчөлөрү, калган алтоо оор кылмыштар үчүн соттолгондор болгон», — деп билдирген ал.
Бирок башка булактар 8-ноябрга оогон түнү башталган Хожент түрмөсүндөгү тополоңду басууда кеминде 50 киши өлгөнүн билдиришкен.
Тополоңдон эки жума өткөндөн кийин президент Эмомали Рахмон Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын 12 жыл башкарган Иззатулло Шарифзоданы иштен алган. Анын ордуна ага чейин тажик атайын кызматынын төрага орун басары болуп иштеп келген Мансуржон Умаров дайындалган.
Хожент түрмөсүндөгү тополоңго байланыштуу абактын 7 кызматкери камакка алынган. Алардын арасында абактын башчысы Файзулло Сафарзода менен режим бөлүмүнүн башчысы Фарход Садиров болгон. Кийин түрмөдөгү ал тополоң үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» террордук тобу өзүнө алган.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив