Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » Кыргыз-казак чек арасында өлтүрүлгөн жарандын сөөгү Казакстанга өткөрүлүп берилди

Кыргыз-казак чек арасында өлтүрүлгөн жарандын сөөгү Казакстанга өткөрүлүп берилди

25 янв 2019, 11:32    bishkek
Кыргыз чек арачылары тарабынан атылып өлтүрүлгөн казак жаранынын сөөгү Казакстанга өткөрүлүп берилди.
Учурда эки өлкөнүн Чек ара кызматтары биргелешкен тергөө иштерин жүргүзүшүүдө.
23-январда каза болгон казакстандыктын туугандары Талас облусуна келишкен — алар тергөө иштерине катышууда. 24-январда маркумдун сөөгү казак тарапка өткөрүлүп берилди.
Ал ортодо Казакстандын чек арачылары өлкө аймагына кирип жашырынып калган эки адамды издөө иштерин улантышууда. Ошол эле маалда кыргыз аскерлери дагы Талас облусунун Манас районунун аймагында издөө иштерин жүргүзүп жатышат.
24-январда эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков менен Бейбут Атамкулов телефондон сүйлөшүп, чек арада болгон окуяны талкуулашкан.
23-январда кыргыз-казак чек арасына жакын жерде мыйзам бузууга шектелген адам жоокерлер аткан октон каза тапкан. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлагандай, Талас облусунун Манас районуна караштуу Жайылган аймагында кыргыз тараптан 15 чакты жылкыны айдап, Казакстанга мыйзамсыз өтүп бараткандар аныкталган. Ал жерге чек арачылар барып, мыйзам бузгандарды кармоого аракет кылганда шектүүлөр каршылык көрсөтүп, жоокерлерге бычак шилтешкен. Коопсуздукту коргош үчүн чек арачылар асманга ок атып, эскертүү беришкен. Ага карабай, беркилер каршылык көрсөтө бергендиктен, жоокерлер ок атып, бирөө каза болгон. Дагы экөөсү Казакстандын аймагына өтүп кетишкен.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив