Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » Кыргыз-казак чек арасына жакын жерде бир адам окко учту

Кыргыз-казак чек арасына жакын жерде бир адам окко учту

24 янв 2019, 12:13    bishkek
Кыргыз-казак чек арасына жакын мыйзам бузуу боюнча шек саналган адам жоокерлер аткан октон каза тапты.
Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлагандай, 23-январда Талас облусунун Манас районуна караштуу Жайылган аймагында кыргыз тараптан 15 чакты жылкыны айдап, Казакстанга мыйзамсыз өтүп бараткандар аныкталган.
Мекеменин басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева "Азаттыкка" билдиргендей, ал жерге чек арачылар барып, мыйзам бузгандарды кармоого аракет кылганда шектүүлөр каршылык көрсөтүп, жоокерлерге бычак шилтешкен. Коопсуздукту коргош үчүн чек арачылар асманга ок атып, эскертүү беришкен. Ага карабай, беркилер каршылык көрсөтө бергендиктен, жоокерлер ок атып, бирөө жарадар болгон.
- Анын эки шериги Казакстан тарапка качып өтүп кеткен. Октон жарадар болгон жаран биринчи медициналык жардам көрсөтүү учурунда көз жумду, - деди Бөрүбаева.
Бул тууралуу Кыргызстандын жана Казакстандын тийиштүү органдарына кабар берилди. Окуя жана шектүүлөрдүн тек-жайы иликтенип жатат.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив