Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » Москвада тыңчылыкка шектелип кармалган АКШ жаранына айып тагылды

Москвада тыңчылыкка шектелип кармалган АКШ жаранына айып тагылды

04 янв 2019, 12:04    bishkek
28-декабрда Москвада кармалган АКШ жараны Пол Уиланга тыңчылык боюнча айып тагылды. Бул тууралуу Интерфакс агенттиги өз булактарына таянып жазды.
Басылманын маалыматына караганда, Уиган айыптоолорду четке кагууда.
Адвокат Владимир Жеребенков Уиландын камакка алынышы боюнча Москва шаардык сотуна даттанып, аны күрөөгө кое берүүнү өтүнүүдө.
ФСБ 48 жаштагы Уиланды 28-декабрда кармаган. 29-декабрда Москванын Лефортов райондук соту ага камакка алуу бөгөт чарасын белгилеген. Ал тагылган айыптар боюнча 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
  • «Росбалт» агенттиги атайын кызматтагы өз булактарына шилтеме кылуу менен Уилан Орусиянын жашыруун мекемелеринин биринде иштеген кызматкерлердин тизмеси жазылган флеш-картаны алып жатканда кармалганын билдирүүдө. Агенттиктин маектеши ал маалыматтар мамлекеттик сыр экенин айткан.
  • Шаршембиде "Лефортово" тергөө абагында жаткан Уилан менен АКШнын Орусиядагы элчиси Жон Хантсман жолуккан. АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Орусиядан америкалык жаранга тагылган айыптоолордун чоо-жайын сурап, аны тез арада бошотууну талап кылганын билдирди.
  • 48 жаштагы Пол Уилан америкалык BorgWarner компаниясынын коопсуздук боюнча директору болуп иштейт. Компания автоунаа тетиктерин жеткирүү менен алектенет. 1994-жылдан 2008-жылга чейин АКШнын деңиз аскер корпусунун резервдеги кызматкери катары кызмат өтөгөн. Армиядан уурулук айыбына байланыштуу кетирилген.
  • Уиландын туугандары анын Чалгын кызматы менен байланышы бар экенин четке кагышууда. Алардын айтымдарында, ал Москвага досунун үйлөнүү тоюна катышуу үчүн барган.
скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив