Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » Банк уячалары тууралуу каттын жайылышы иликтенет (видео)

Банк уячалары тууралуу каттын жайылышы иликтенет (видео)

24 дек 2018, 10:29    bishkek
Финансылык чалгын кызматы коммерциялык банктарга жиберген кат коомчулукка кандайча жарыяланып кеткенин иликтөөнү өтүнүп укук коргоо органдарына кайрылды. Бул тууралуу мекеменин жетекчиси Гуламжан Анарбаев Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди.
Анын айтымында, кеп кардарлардын эсептери жана банк уячалары боюнча "өтө маанилүү" деген белгиси бар кат тууралуу болуп жатат.
Банктарга жөнөтүлгөн кат туура эмес чыгып кетти. Бул документ боюнча элге туура эмес маалымат берилип жатат, - деди Анарбаев.
Финансылык чалгын кызматы банктарга жиберген катты "Террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамды аткаруу талаптары менен байланыштырууда.
Буга чейин Интернетке Анарбаевдин "өтө маанилүү" деген белги коюлган, коммерциялык банктарга жиберилгени кабарланган каты жарыяланган.
Анда 17-декабрга чейин бардык кардарлардын эсептери жана уячалары тууралуу маалымат берүү талабы коюлган.
Банк тармагы боюнча экcперттер чалгын кызматынын талабы мыйзамсыз экенин айтышкан.
Ал эми Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын төрагасы Иса Өмүркулов уячалар жана эсептер боюнча маалымат алуу аракетин чыккынчылыкка теңеген.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив