Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » ИИМ Кытай жарандары милиция кызматкерин сабап салган окуя боюнча түшүндүрмө берди

ИИМ Кытай жарандары милиция кызматкерин сабап салган окуя боюнча түшүндүрмө берди

17 дек 2018, 11:44    bishkek
Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кытай жарандары милиция кызматкерин сабап салды деген тасма боюнча түшүндүрмө берип, бул окуя 2014-жылы болгонун билдирди.
Министрликтин басма сөз кызматы тактагандай, бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси ("Бейбаштык"), 341-беренеси ("Бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү") жана 174-беренеси ("Башка мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу") менен кылмыш иши козголгон. Бардык тергөө амалдары жүргүзүлүп, материалдар сотко өткөрүлүп берилген.
ИИМ акыркы мезгилде WhatsApp жана башка социалдык тармактарда улут аралык кастыкты козуткан видеотасмаларды жана аудио-жазмаларды таратуу катталганын белгилеп, аларды тараткандарды тактоо иштери жүрүп жатканын билдирет. Мекеме аларга мыйзам чегинде чара көрүлөөрүн эскертет.
Бир нече күндөн бери социалдык тармактарда милиция кызматкеринин формасын кийген кишилер денесинен залакат алган жерлерин башка адамга көргөзүп жаткан видео тараган. Видеодо жабырлануучулар аларды Кытайдын жарандары сабап салганын баяндап берип жатканы көрсөтүлгөн.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив