Президент Сооронбай Жээнбеков Германияны Кыргызстанда биргелешкен фито-санитардык жана ветеринардык лабораторияларды түзүүнү сунуш кылды
Улукбек Кочкоров: "Балага сүйүнчү" алуу үчүн арыз берген жарандар эртеси күнү эле акча каражаты түшкөндүгү тууралуу банктардан СМС-билдирүү алышууда"
Мирлан Дүйшөмбиев, журналист: "Президентибиз Германияда эне тилибизде сүйлөгөнү үчүн айрымдар тарабынан сынга алынып жатат"
Сооронбай Жээнбеков: "Мамлекетти белчесинен карызга батырган уурулукту жашыруу үчүн актанууга өтүштү"
С.Жэээнбеков: Все равны перед законом. Ошибаются те, кто думает оказать давление на власть, выведя народ на улицы
Бакыт ОРУНБЕКОВ, коомдук ишмер, саясый илимдердин кандидаты: “Мелис Мырзакматов “чоң калибрдеги” саясатчылардын бири”
Эмилбек Каптагаев: "Президент Сооронбай Жээнбековду Бабановго каршы ачык эле тукуруп жатышат"
Президенттин басма-сөз катчысы Толгонай Стамалиева Атамбавге жооп кайтарды
Алмазбек Акматалиев: "Атамбаев жашынып алып, чоң чыр, төңкөрүшкө даярданып жатат!"
АКШ Голан дөңсөөлөрүн Израилдин бир бөлүгү катары тааныды
Как Атамбаев попиарился на Аксыйских событиях и снова напомнил о себе
Кылдан кыйкым издеген жарабайт 
Издөө
» » Транспорт министринин орун басары 50 миң доллар пара менен кармалды

Транспорт министринин орун басары 50 миң доллар пара менен кармалды

06 дек 2018, 14:07    bishkek
Транспорт жана жолдор министринин Ж.А. аттуу орун басары 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөш кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, министрдин орун басары акчаны өлкө аймагындагы курулуп жаткан жол боюнча тендерге катышкан чет элдик компаниянын өкүлдөрүнөн пара катары алган. Кармалган министрдин орун басары бул тендердик комиссиянын төрагасы болгон.
Чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо жалпысынан 520 миң долларга бааланган. Андан мурда кылмышка шектүү министрдин орун басары ортомчулар аркылуу 120 миң доллар алганын УКМК билдирүүдө. Ортомчу катары анын туугандары чыккан.
Ал эми калган паранын суммасын кийинки жумаларда алмак.
Учурда кылмышка шектүү УКМКнын тергөө абагында камакка алынды. Тергөө уланууда.
Кармалган адам транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев болушу мүмкүн. Ал бул кызматка 2017-жылдын февраль айында дайындалып, жол тармагына жооптуу болуп келген.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив