Кто станет новым главой МИДа? - Гульмира Тыналиева
Атамбаев кайсы эмгеги үчүн 160 миң сом пенсия алат?
Уголовное дело против Сарпашева будет возобновлено
Эмил Каптагаев: "Камалгандардын баары таза деген Атамбаевдин сөзүнө ким ишенет?"
АКШга сапар: президент С. Жээнбеков БУУнун сессиясында олуттуу маселелерди козгоду
Бердибек Жамгырчиев, акын: "Рыскелди Момбеков уйкаштырып сүйлөсө эле укмуш сүйлөп жатам деп ойлойт окшойт бул дөөпарас..."
Чындап эле миллионерби же кадимки шылуунбу? 
Мас болуп учакты кармаган чиновник аял Зууракан Каденова экени белгилүү болду
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, орун басары Болот Суюнбаевге таандык деген үйлөрдүн сүрөтү тарады
Жалкое зрелище – Атамбаев без окружения
Совбез против коррупции
Канатбек Азиз - Кыргызстандын парламенттик Акыйкатчысы кызматына талапкердин программасы! 
Издөө
» » Ташкент: бала бакчадагы уулануунун болжолдуу себептери айтылды

Ташкент: бала бакчадагы уулануунун болжолдуу себептери айтылды

10 окт 2018, 15:29    bishkek
0 комментарий   
Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Ташкенттин Мирзо-Улугбек районунда жайгашкан бала бакчадагы уулануунун болжолдуу себептерин жарыялады. Буга чейин мектепке чейинки тарбиялоо мекемесинде 32 бала тамактан ууланганы кабарланган.
Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына караганда, ууланган 32 баланын жетөөсүнө курч диарея диагнозу коюлуп, инфекциялык ооруканага жаткырылган.
Башкы көзөмөл органдын маалыматына караганда, 70тен ашык ата-эненин кайрылуусунун негизинде текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында тамак даярдоодо эскирип калган ашкана буюмдары пайдаланылып, бардык азык-түлүктөрдүн бир муздаткычта сакталганы аныкталган. Мындан тышкары экспертиза үчүн суунун жана андагы бардык азык-түлүктүн үлгүлөрү алынды.
Бул факты боюнча «Санитардык мыйзамдарды жана эпидемияга каршы күрөшүү тартиптерин бузуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;