Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » КРнын Коопсуздук кеңешинин Таалайбек Исаевдин райондук мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Эмилбек Тарыхчиевге байланыштуу кайрылуусун кароонун жыйынтыктары тууралуу маалыматы

КРнын Коопсуздук кеңешинин Таалайбек Исаевдин райондук мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Эмилбек Тарыхчиевге байланыштуу кайрылуусун кароонун жыйынтыктары тууралуу маалыматы

04 окт 2018, 16:05    bishkek
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Кочкор-Ата шаарында жергиликтүү калк менен жолугушуусунда (2018-жылдын 15-августу)  Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун жашоочусу Таалайбек Исаев «кызматтык иш бөлмөсүндө токмоктоп жана аны жаракат келтирүүчү тапанча менен бир нече жолу аткан» райондук мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Эмилбек Тарыхчиевге карата козголгон кылмыш ишин контролго алуу өтүнүчү менен кайрылган.
2018-жылдын 12-сентябрында басма сөз-конференциясында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бардык материалдар изилденип, юридикалык баа берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жиберилгенин билдирген.
Башкы прокуратурадан алынган маалыматка ылайык, кароонун жыйынтыктары боюнча азыркы кезде жабырлануучу Таалайбек Исаевдин соттун чечимдерин жокко чыгаруу жана жаңы ачылган жагдайлар боюнча иш өндүрүштү кайра жандандыруу тууралуу арызы Жалал-Абад облусунун прокуратурасы тарабынан каралып жатат.
Жалал-Абад облустук сотунун өкүмү боюнча Эмилбек Тарыхчиев Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 105-беренесинде каралган кылмышты («Атайылап денеге оордон төмөн зыян келтирүү) жасаганы үчүн 3 жылга эркинен ажыратылган. Бирок мурда жарыяланган мунапыска байланыштуу Эмилбек Тарыхчиев жаза өтөөдөн бошотулган.
Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысынын 2018-жылдын 20-сентябрындагы буйругу менен Эмилбек Тарыхчиев аталган айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары кызматынан бошотулганын белгилей кетүү керек.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив