Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » Автобус кырсыгынан каза болгон өзбекстандыктардын туугандары 150 миллион теңге кун талап кылышууда

Автобус кырсыгынан каза болгон өзбекстандыктардын туугандары 150 миллион теңге кун талап кылышууда

04 окт 2018, 09:55    bishkek
Актөбө шаарында 52 Өзбекстан жаранынын өлүмүнө алып келген автобус кырсыгы боюнча сот иши уланууда.
Сот жараянынын катышуучулары моралдык зыян иретинде өлгөн ар бир киши үчүн 150 миллион теңге (412 миң доллар) кун берүүнү сурашты. Алардын жарымы компенсациядан тышкары айыпталуучулардын оор жазага тартылышын талап кылууда.
Бул иш боюнча беш киши айыпталууда. Алар авобустун үч айдоочусу жана «Азия транзит сервис» фирмасынын эки өкүлү — негиздөөчүсү жана механиги. Автобус айдоочулары Нуржан Кыргызбаев, Максат Пернебеков жана Барат Танатов 26-январдан бери Актөбөдөгү тергөө абагында отурушат. Компаниянын жетекчиси менен механиги белгилүү бир аймактан чыкпоо тилкатынын негизинде бошотулган. Автобустун ээсине болсо эл аралык издөө жарыяланган.
Компаниянын негиздөөчүсү бузук транспорт каражатын пайдаланууга жол берген жана жалган документ жасаган деп айыпталууда. Мехиник бузук автобусту каттамга чыгарууга күнөөлөнүп жатат.
Өзбекстан жарандары бараткан автобус 18-январь эртең менен Актөбө облусундагы Иргиз трассасында өрттөнүп кеткен. Анда 52 киши мерт болуп, 5 киши аман калган. Расмий версия боюнча өрт автобустун салонун каңдагыч лампа менен жылытуу учурунда чыккан.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив