Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » Өзбекстанда окуучуну сабаган мугалимге кылмыш иши козголду

Өзбекстанда окуучуну сабаган мугалимге кылмыш иши козголду

03 окт 2018, 13:25    bishkek
Хорезм облусунун Багат райондук ички иштер башкармалыгы Спорттун олимпиадалык жана улуттук түрлөрү боюнча мектеп-интернаттын 5-классынын окуучусун сабаган мугалимге кылмыш ишин козгоду.
Маалыматка караганда, кылмыш иши «Атайын денеге оор залал келтирүү» беренеси менен 28-сентябрда козголду. Ошол эле маалда облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы мектеп-интернатты өзүнчө текшерүү иштерин баштады.
Баланын ата-энеси аны интернаттагы дзюдо классына быйыл сентябрда алып келген. Алардын айтымдарында, дзюдо боюнча сабак берген мугалим башынан эле жаңы окуучуну жактырбай, башка класска которулуп кетүүгө аргасыз кылуу аракетин көрө баштаган.
«Атасы уулунун дзюдо классында гана окуусун каалаган, ошондуктан бала мугалимдин айткандарына көнгөн эмес. Мугалим болсо баланы башка класска которулуп кетүүгө аргасыз кылуу максатында күн сайын сабай баштаган. 20-сентябрда аны эс-учун жоготконго чейин сабаган», — деди баланын туугандарынын бири.
Райондук ооруканадан билдиришкендей, 11 жаштагы бала дале эсине келе албай жатат. 21-сентябрда алар окуучу 4-даражадагы комада экенин жана анын аз гана күндөрү калганын айтышкан.
Баланын туугандары жергиликтүү чиновниктер бул окуяны жашырып, өз алдынча бүтүрүп коюуга аракет кылышканын билдиришти. Окуучуну сабаган мугалимге каршы кылмыш иши окуя болгондон сегиз күн өткөндөн кийин гана козголгон. Учурда ал эркиндикте жүрөт.
Мектеп-интернаттагы текшерүүлөрдүн жүрүшүндө анда окуучуларды сабоо кадимки көрүнүшкө айланганы аныкталган. Бул тууралуу райондук прокурорго окуучулардын өзүлөрү айтып беришкен.скачать dle 12.0
Kamagra Boite Cialis Acquisto Farmacia Italia tadalafil viagra levitra Viagra Apotheke Aachen Amoxicillin 500 Keflex 500mg Capsules
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив