Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » Учакта чыр салган тажик жаранынын камактагы мөөнөтү узартылды

Учакта чыр салган тажик жаранынын камактагы мөөнөтү узартылды

02 окт 2018, 10:55    bishkek
Москва облусунун Жуковский шаардык соту 29-сентябрда учакта чыр чыгарган тажик жараны Давлаткадам Давлаткадамовдун камактагы мөөнөтүн дагы бир айга узартты. 29-августта Москвадан Душанбеге жол алган учак борттогу жаңжалга байланыштуу кайра "Жуковский" аэропортуна кайтып келүүгө аргасыз болгон.
Ишембидеги сот отурумунда эксперттер бир айда айыпталуучунун психикалык саламаттыгы боюнча так бүтүм чыгара алышпаганын билдиришкен.
Айыпталуучунун агасы Аким Давлаткадамов иниси соо туруп эле кээде такыр өзгөрүп, өзүн “Аллах” деп атап жатканын айтты. Сотто иниси менен сүйлөшүүгө уруксат берилген. “Баарыбызды тааныды, жакшы эле сүйлөп жаткан, анан эле саналуу секунддарда таанылгыс болуп өзгөрүп кетти. Ал мусулман, мындай учурда кишиге жин кирип кетиптир деп айтабыз. Давлаткадамды молдого алып барып окутуш керек, бирок сотто медициналык бүтүмдү күтүү керек экенин айтышты”, - деди Аким Давлаткадамов.
29-августта Москва-Душанбе каттамы боюнча бараткан учак борттогу чыр-чатактан улам артка кайтууга мажбур болгон. “Интерфакс” маалымдагандай, жүргүнчүлөрдүн бири өзүн агрессивдүү алып жүргөнүнө байланыштуу борт коштоочу ага эскертүү берген. Тажик жараны креслосунан туруп стюардессаны башка чаап жиберген. Андан соң жүргүнчүлөрдү коркутуп, бортто бомба бар экенин айткан. Абалга баа берген аба кемесинин командири “Жуковский” аэропортуна кайтуу чечимин кабыл алган.
Орусия Тергөө комитети Давлаткадам Давлаткадамовго “ Аба транспортундагы бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив