Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » Казакстанда миграция мыйзамын бузгандыгы үчүн француз журналистине айыппул салынды

Казакстанда миграция мыйзамын бузгандыгы үчүн француз журналистине айыппул салынды

28 сен 2018, 13:54    bishkek
Актау шаардык соту «миграция тууралуу мыйзамды бузгандыгы» үчүн Франциянын жараны, Ligne de Front студиясынын режиссеру жана журналист Венсан Прадону 60 миң теңге (165 долларга жакын) өлчөмүндө айыппул төлөөгө милдеттендирди.
- Мен 60 миң теңге төлөдүм. Аккредитациядан кийин бардык эле көз карандысыз журналисттер Казакстанда эркин иштей алат деп ойлогом. Бирок аккредитациям бар экенине карабастан ишмердүүлүгүмө тыюу салышты, - деп билдирди Прадо соттон кийин.
Журналист Батыш Казакстанга 2011-жылдагы Жанаөзөн окуясы жөнүндө документалдык тасма тартуу үчүн барган. Ал 27-сентябрда жергиликтүү активисттер менен сүйлөшүп жатканда кармалып, миграция полициясынын бөлүмүнө жеткирилген.
47 жаштагы Венсан Прадо Актауга 26-сентябрда барып, кийинки үч күндүн ичинде Жанаөзөн окуясы тууралуу тасма тартуу үчүн Жанаөзөнгө, Шетпеге жана Мангистау облусуна барууну пландаган.
Кечээ «Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму француз журналистин тез арада бошотуп, анын иштөөсүнө мүмкүндүк берүүнү талап кылган. Уюм анын кармалышын “сөз эркиндигине негизсиз кедерги болуу” деп атаган.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив