Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » Текебаевдин камерасына кайра видеокөзөмөл коюлду

Текебаевдин камерасына кайра видеокөзөмөл коюлду

27 апр 2018, 08:43    bishkek
Абактагы саясатчы, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев отурган №47 колониянын камерасына кайра видеокөзөмөл коюлду. Бул тууралуу "Азаттыкка" Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдирди:- Камерада жалгыз отургандыгына байланыштуу, ал кишинин коопсуздугу үчүн, өзүнүн макулдугу менен видеобайкоо коюлду.
Видеокөзөмөл мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен 11-апрелде алып салынган эле.
Саясатчы отурган бөлмөгө видеокамера коюлганы тууралуу 29-январда белгилүү болгон. Анда Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы муну коопсуздук чаралары менен түшүндүргөн. Анткени менен укук коргоочулар жана абактагы саясатчы өзү да мындай аракетти кескин сындаган.
"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев "Мегаком" чырына байланыштуу коррупция боюнча айыпталып, 2017-жылдын февралында камалган. Аны менен кошо мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Аларга "орус жараны Леонид Маевскийден 1 млн. доллар пара алган" деген айып тагылып, сот ар бирин сегиз жылдан эркинен ажыраткан.
Өмүрбек Текебаев №47 абакта, ал эми Дүйшөнкул Чотонов Молдовановкада №27 абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатат.
Өздөрү жана партиялаштары муну мурдагы бийликтин саясий буйругу катары сыпаттап келишет.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив