Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Издөө
» » Кыргызстанды каалагандай калчашкан АШАнын кланына жоопкерчилик жокпу?

Кыргызстанды каалагандай калчашкан АШАнын кланына жоопкерчилик жокпу?

25 апр 2018, 12:41    bishkek
Экс-президент А. Атамбаев бөйрөктөн шыйрак чыгарганды, кагаз ташуучудан чиновник пайда кылганды укмуштай жакшы биле турганын көрсөттү. Анын доорунда мурда шоопур болуп, машиненин рулун тегереткенди гана билген Икрамжан Илмиянов, Бакиевдин маалында кагаз ташып, стулдарды оңдоп эле басып жүрүүчү Алмаз Үсөнов, журналист болуп жүргөн Фарид Ниязов, бейөкмөт уюмдарында иштеп жүргөн Абдил Сегизбаев, Максим Бакиевдин кагазын ташып жүрүүчү Сапар Исаков, жансакчысы Болот Сүйүмбаев, кампачысы Албек Ибраимовдор өтө чоң жоопкерчиликтүү кызматтарды аркалап, өлкө саясатын каалагандай калчашты. Ошону менен бирге эле алар алты жылдын ичинде алдыңкы байлардын катарына кошулуп да алышты. Алды мультимиллионер болду. Ал эми жаңы бийликтин иштеп атканы 5 айдын жүзү болду. Эмнегедир ошол эски кадрлардан дым чыкпайт. Акыркысы болуп Жогорку Кеңештин ишенбөөчүлүк жарыялоосу менен отставкага кеткен Сапар Исаков парламент депутаттарын “саясий өлүк” атап коюп, “жинди суу” менен алышып-күрөшүп жаткан сыяктуу. Шаар мэри Албек Ибраимов болсо Бишкектин 140 жылдыгын өткөргөндөн кийин отставкага кетерин каңкуулап жүргөнүн уктук. Ал эми калгандарынын такыр дайыны жок.
Кол менен кылганды моюн менен тартыш керек. Андыктан бул аттары аталгандар дооран сүрүп турган убактарында жасаган кыңыр иштери үчүн мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш. Мисалы, “Белизгейт” боюнча Абдил Сегизбаев менен Алмаз Үсөнов жооп бериши керек эле. Себеби, бул нерсе далилденген жок. Экс-президент Атамбаев да “Белизгейт” аныкталбаса, анда А. Сегизбаевдин жоопкерчилик тарта турганын убагында билдирген. Бирок, али эч кандай жоопкерчилик тарта элек.
Казакстанда контрабандага шектелип, кармалган Дамирбек Асылбкек уулун “калкалап” жүргөн Болот Сүйүмбаев да жоопкерчилик тартышы керек эле. Тескерисинче ал учурда Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты жетектеп отурат. Карышкырга кой кайтартып алгандай эле болдук.
Атамбаевдин маалында өлкө экономикасына толугу менен “минип” алып, айрым маалыматтарга караганда миллиардер болуп калган Икрамжан Илмиянов тууралуу кеп жок. Өкмөт башчылыгына өтө эрте, тажрыйбасы жок келип алып, бир нече долбоорлордун таш-талканын чыгарган Сапар Исаков да жоопкерчилик тартышы керек эле. Бирок, буларга карата эмнегедир али чаралар көрүлө элек. Мамлекетти каалагандай майкандашкан буларды тез арада мыйзам алкагында жоопкерчиликке тартуу болсо гана коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасы билинет эле.


скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив