Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Манас Арабаев көрсөтмө берип Раиса Атамбаеванын «былык» иштерин чубады…
Издөө
» » Депутаттарды “саясый оюнчу” атаган Ашырбек Темирбаев эми парламентте кантип иштейт?

Депутаттарды “саясый оюнчу” атаган Ашырбек Темирбаев эми парламентте кантип иштейт?

20 апр 2018, 10:35    bishkek
Өзүн жаңыча ойлонгон жаш жетекчи катары сунуштап өкмөт башчылыгына келип, бирок бул оор вазийпаны тиешелүү деңгээлде аткара албай калган, алтургай кыска убакыт аралыгында эле өкмөттүн кадыр-баркына көлөкө түшүрө турган, өзү кол койгон эки эл аралык келишимден баш тарткан Сапар Исаковго 19-апрелде парламент депутаттары ишенбөөчүлүк жарыялады. Анын негизинде президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министри жана өкмөттү отставкага кетирүү боюнча жарлыкка кол койду.
Ошентип асманы каңтарылып калгандай абалга кептелген Исаков ошол эле күнү кечке маал өзүнүн аппаратында иштеген кызматкерлер менен кош-беш айтышуу аземин өткөргөн экен. Анда да «Жакшы эле иштейин дегем, парламент эле иштетпей койду» деген сыяктуу арыз-армандарын шашпай төгүп, анан аппарат кызматкерлерине «жакшы калгыла, мен кеттим» дегенде алдыңкы катарда отурушкан 5-6 кызматкер гана кол чаппаса, калгандары жадакалса орундарынан да турбай койгонун уктук. Эгерде С. Исаков жакшы иштеп, өкмөттү уятка калтырбаган болсо, анда аппарат кызматкерлеринин арасында да кадыр-баркы болмок. Анын кызматтан кетип атканына ичтери ачышмак. Ал эми С. Исаковду узатуудагы салкын мамиленин өзү эле анын кандай өкмөт башчысы болгонунан кабар берип турат.

Баарынан кызыгы, ушул кош-беш айтышуу аземинде КР өкмөтүнүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Ашырбек Темирбаев С. Исаковго жагынам деп атып, парламент депутаттарын «саясий оюнчулар экен» деп атап алганын эшиттик. Ал «алты жылдан бери канчалаган өкмөт башчыларын көрдүм, бирок сиздей өкмөт башчыны көргөн эмесмин. Бул жолу депутаттар атайылап эле сиздин отчетту өткөрбөй коюшту. Алар «саясий оюнчулар» экен», - деп “балп” эттирип алыптыр жарыктык киши.

Жетимиш жашты желкелеп барып калган аксакал эле кишинин ушинтип жаңылганга акысы бар беле? Кошомат кылгысы келсе, экөө гана отурган жерден жасабайбы десең. Эми буюрса кайрадан жаңы өкмөт куралат, жаңы өкмөт башчы келет. Ошондо дагы Ашырбек аксакал Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү катары депутаттар менен иштешиши керек болот. Анан депутаттарды «саясий оюнчулар» экен деп алып, алар менен эми кантип иштешет болду экен?   скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив