Араб жаштары биригип Кыргызстанга төрт мектеп курушат
«Его борьба». Президент Жээнбеков отвечает требованиям общества на антикоррупционные посадки
Президент Сооронбай Жээнбеков пожелал спортсменам-участникам Азиатских игр вернуться на Родину чемпионами
Президент Сооронбай Жээнбеков принял министра иностранных дел Индии Сушму Сварадж в рамках ее официального визита в Кыргызстан 
Кто не построил «дворец»? История о 8,5 млрд сомов
«Сулуу мэрлер» же Суракматовго негизсиз асылуулардын артында эмне жатат?
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Акылбек Осмоналиев дайындалды 
Председатель БГК Алмаз Кененбаев: «Кандидат в мэры Суракматов понимает весь груз ответственности, в случае своего избирания на пост мэра» 
Азиз Суракматов показал свои сильные человеческие качества
Мультимиллионеры могут отдыхать где угодно, а президент Жээнбеков – у себя на родине
Адвокат экс-мэра Кулматова вводит общественность в заблуждение утверждая, что его подзащитный не является гражданином России 
Алтынай Өмүрбекова, вице-премьер министр: “Бишкектин мэрлигине талапкерлигимди койбойм, талапкерлерге ийгилик каалайм!”
Издөө
» » Илмияновго таянган Ташов элди сыздатканын качан токтотот?

Илмияновго таянган Ташов элди сыздатканын качан токтотот?

17 май 2018, 09:17    bishkek
0 комментарий   
Имамидин Ташов аттуу узун бойлуу, сылаң короз бизнесмен жигитти коомчулук акыркы жылдарда жакшы таанып калышты. Ал “KG групп” курулуш фирмасынын жетекчиси. Аталган курулуш фирмасы дагы 2010-жылдардан кийин эле бат эле таанылып, «ити чөп жей» баштаганын билебиз. Болбосо, ага чейин мындай фирманын бар экенин деле эч ким билчү эмес.

Көрсө, анын таянган тоосу күчтүү болгон экен. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин атактуу шоопуру Икрам Илмиянов адегендеги тапкан арам акчаларын дал ушул И. Ташов жетектеген “KG групп” курулуш компаниясына кошуп, ал жактан «адалдап» дагы, арбытып дагы турганы ачыктала баштады. Анан көп өтпөй эле бул сылаңкороз Ташов Россияда «алдамчылык» боюнча издөөдө жүрөт деген маалымат желдей тараган. Кыязы, Россияда жүрүп жасаган алдамчылыгынан улам, ал Кыргызстанга кайтып келсе керек. Анан ал жактан топтогон «тажрыйбасын» бул жактан улантпай эмне болуптур.

Мындай курулуш компаниясынын ишин илгерилетүү үчүн ал Икрамжан Илмияновду «крыша» катары пайдаланганын оңой эле түшүнүүгө болот. Анткени “KG групп” курган үйлөрдүн ачкычын ээлерине тапшыруу аземдеринде И. Илмиянов өзү барып, кызыл лентасын кесип жүргөнүн көп көргөнбүз. Ал аземдерди КТРК да убагында жакшы эле көрсөтүп келген. Көрсө, анын баары И. Илмияновдун таасири менен бекер чагылдырылчу тура.

Анан убакыттын өтүшү менен Имамидин мырза бизнесин өз алдынча жүгүртүп калгандай болду. И. Илмияновду тоотпой калышы мүмкүн эмес болчу. Демек, ага шоопур аке «добро» берип, «эми өз алдынча эле оокатыңды жасай бер» десе керек.
Андан кийин И. Илмиянов Ж. Сатыбалдиев менен биргеликте «Ихлас» курулуш компаниясын түптөп, элиталык үйлөрдү элиталык жерлерге кура баштады. Бул компания кыска убакыт аралыгында эле өтө көп турак-жайларды куруп, ээлерине тапшырганын билебиз. Кыязы, И. Илмиянов кийинки арам «тер» менен тапкан акчаларын «Ихлас» аркылуу адалдады окшойт.

Ал эми өз алдынча бөлүнүп кеткен И. Ташов болсо, Россияда жүргөн адатын карматып, үй алабыз деген 30 кардардан «азыр кассирим жок эле, акчаңарды төгө бергиле, эртең-бүрсүгүнү кассирим келгенде дүмүрчөктөрүңөрдү берет» деп алдап 40-50 миң долларга чейинки акчаларын алып, качып жүргөнү айтылууда. Ошентип ага акчасын берген кардарлардын колунда же акчасы жок, же дүмүрчөгү жок, аргалары куруп келишкен. Жандары кашайган алар буга чейин УКМК, Финпол, прокуратурага чейин арыз менен кайрылышкан. Бирок, калкалоочусу күчтүү Ташовдун кылы кыйшайбай келген болчу. Эми калкалоочусу И. Илмияновдун өзүнүн абалы чатагына айланып турганда Ташовдун даана аргасы куруйт го деп турабыз. Бул маселени эми тиешелүү органдар ийне-жибине чейин иликтеп, Таштын небересине тийиштүү чара көрүшөт деп ишенип туралы.

Булак: http://kyrgyztoday.org/news_ky/ilmiyanovgo-tayangan-tashov-eldi-syzdatkanyn-kachan-toktotot/ скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;